Түркияда өлтүрүлгөн кыргыз келин: кайнатасы өмүр бою кесилди

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүАбактагы адамдын көлөкөсү. Архив
Абактагы адамдын көлөкөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2023
Жазылуу
Трагедия 2021-жылы күзүндө болгон. Киши келинин бычактап, сөөгүн араалап салган.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Түркияда сот 67 жаштагы Фехми Адсызды келинин (кыргызстандык аял) өлтүргөнүн аныктап, өмүр бою абакта отурууга өкүм кылды. Бул тууралуу түркиялык ЖМКлар жазды.
Трагедия 2021-жылы күзүндө Түркиянын Текирдаг аймагында болгон. Фехми Адсыз жубайын атайылап неберелери менен конокко жиберген да, келинине кол салган. Кылмышкердин айтымында, ага "неберелерди жетиштүү карабайсың, аялым экөөбүзгө жакшы мамиле кылбайсың" деп кине койгон. Фехми Адсыз келинди алгач бычактап өлтүрүп, кийин денесин бензин менен иштөөчү араа колдонуп араалап салган.
Маркумдун эки баласы болгон.
Бычак менен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2022
ЖМК: Стамбулда турмушка чыгуудан баш тарткан кыргызстандык кыз бычакталды
Жаңылыктар түрмөгү
0