Испанияда Россияны колдоо акциясына 2000ден ашуун адам катышты

© Sputnik / Евгений ОдиноковИспаниянын желеги. Архив
Испаниянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2023
Жазылуу
Жүрүшкө чыккандар НАТО стратегиясына, Киевди аскердик жактан колдоого каршы пикирин билдиришкен.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Испаниянын Бильбао шаарында Россияны колдоо жүрүшүнүн алкагында 2000ден ашуун адам көчөгө чыкты. Бул туурасында РИА Новостиге "НАТО жок" деп аталган басктардын платформасынын өкүлү РИА Новостиге билдирген.
"Россия 2014-жылдан бери тынчтыкты орнотууга аракет кылып келет. Бирок Батыш Россияга башка арга калтырбай жатат. Дал ушул себептен улам биз Москвага тилектештигибизди билдиребиз", — деп айткан ал.
Шаардын чок ортосунда акцияга чыккандар жүрүштүн соңунда Бильбао мэриясынын имаратына Россиянын, ЛЭРдин жана ДЭРдин желегин илишкен. Ошондой эле алар НАТО стратегиясына, Киевди аскердик жактан колдоого жана Европа өлкөлөрүндө аскердик бюджеттин көбөйүшүнө каршы пикирин билдиришкен. Электр энергиясы, негизги азык-түлүктөр жана кызматтар кымбаттаганын айтып, ал каражатты элдин социалдык чыгымдарына жумшоону талап кылышкан.
"Европада экономикалык кырдаал күндөн-күнгө жан кейитерлик болуп баратат. Аны дүкөнгө, супермаркетке барган адамдарын баары сезип жатат. Албетте, буга Евробиримдик менен куурчак катары ойногон НАТО күнөөлүү", — деп айткан жүрүштүн катышуучуларынын бири.
Ошондой эле ал 1986-жылы Басктар өлкөсү НАТОго кошулууга каршы добуш бергенине карабай, бул автономдуу аймактын калкы Мадриддин саясатынын азабын тартып жатканын белгилеген.
АКШ жана Европа Кеңешинин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2023
Путин: батыш Россиянын элин санкциялар менен кыйноого аракет жасады
Жаңылыктар түрмөгү
0