Беларуста мамлекетке чыккынчылык кылган аткаминерлер өлүм жазасына тартылат

© Sputnik / Медиабанкка өтүүБеларус президенти Александр Лукашенко. Архив
Беларус президенти Александр Лукашенко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2023
Жазылуу
Мамлекетке чыккынчылык кылганы үчүн өлүм жазасы чиновниктерден сырткары аскер кызматкерлерине да каралган.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенко мамлекеттик чыккынчылык кылганы үчүн өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Документтин негизги максаты экстремисттик (террористтик) жана мамлекетке каршы багытталган кылмыштарга каршы күрөштү күчөтүү экени айтылат.
Мындай аракеттер үчүн мамлекеттик кызматта турган бардык адамдар кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылмакчы.
Ошол эле учурда кызмат адамы же аскер кызматкери мамлекеттик чыккынчылык кылса жазанын эң оор түрү — өлүм жазасы колдонулат.
Россиянын аскер кызматкерлери атайын рпепациянын түштүк секторунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лукашенко: Украинадагы чатакты токтотууга жакшы учур жаралып турат
Жаңылыктар түрмөгү
0