Ааламга нур чачкан берекесиңер! Садыр Жапаров айымдарды куттуктады

Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2023
Жазылуу
Президент жакшы тилектерин билдирип, бүгүнкү күндө Кыргызстан айымдары жаш муундун мыкты тарбиячысы, үй-бүлөнүн куттуу очогу эле эмес, өлкө өнүгүүсүнө өз салым кошуп келе жаткандыгын белгилеген.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров айымдарды 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Кайрылууну өлкө башчынын маалымат кызматы таратты.
Жапаров майрамдык куттуктоосунда аялдарга жакшы тилегин билдирип, бүгүнкү күндө Кыргызстан айымдары өлкө келечеги болгон жаш муундун мыкты тарбиячысы, үй-бүлөнүн куттуу очогу эле эмес, коомдук-саясий абалга да аралашып, мамлекеттин өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп келе жаткандыгын белгилеген.
Мамлекет башчынын куттуктоосун толугу менен беребиз:
"Урматтуу асылзат айымдар!
Ардактуу ак саамайлуу энелер, эже-карындаштар!
Баарыңыздарды мээрим чачып кирип келген көктөм жаздын жарчысы – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм.
Жаз майрамында жагымдуу маанай тартуулап, ар бир үйдүн куту болгон аялзатына жылуу мамиле жана сый-урмат көрсөтүлүп өзгөчө белгиленип келет.
Жашоого ченеми жок кубат берип, чексиз бакыт тартуулаган энелерибиз – ааламга нур чачкан берекесиңер. Эже-карындаштарыбыз болсо ошол береке, кутту бекем кармап, эне жолун улап, аялзатынын аруулугун алып келе жатасыздар.
Байыртадан эле нарк билги кыргыз журтчулугунда "Эне бир колу менен бешик терметсе, экинчи колу менен аалам терметет" деп айтылып келген. Ата салтын азыркыга чейин сактап, улуттун келечеги энелердин колунда деп кыргыз аялзатынын коомчулуктагы орду жогору бааланат.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан айымдары өлкө келечеги болгон жаш муундун мыкты тарбиячысы, үй-бүлөнүн куттуу очогу эле болбостон, коомдук-саясий абалга да батыл аралашып, мамлекеттин өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп келет.
Кыргызстандагы аял лидерлерди алдыга сүрөө жана колдоо максатында алардын мамлекеттик башкаруудагы ролун арттыруу саясатында кардиналдуу чаралар көрүлөрүн белгилеп кетейин.
Урматтуу аруузат айымдар!
Тарыхыбызда даңкы таш жарган, кыраакы ханыша атыккан Курманжан датка энебизден үлгү алуу менен өз заманыңыздардын татыктуу асылзаттары болосуздар деп бекем ишенем. Ар дайым бакыттын туу чокусунда болуп, жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпей, бар болуңуздар, Кыргызстандын кымбаттуу айымдары!
Сиздерди жаз майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм. Чың ден соолук, түгөнгүс бакыт, үй-бүлөңүздөргө береке тилейм!"
Бишкекте Дүйнөнү өзгөрткөн аял сыйлыгын тапшыруу аземи өттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2023
Бишкекте "Дүйнөнү өзгөрткөн аял" сыйлыгын тапшыруу аземи өттү
Жаңылыктар түрмөгү
0