Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Баетов: окумуштуулардын дээрлик 70%ы окуу жайларда сабак берет

© Sputnik / Акбар АкжигитовИлим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин катчысы, экономика илимдеринин доктору Батыркул Баетов
Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин катчысы, экономика илимдеринин доктору Батыркул Баетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2023
Жазылуу
Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин катчысы, экономика илимдеринин доктору Батыркул Баетов илимди реформалоо аракети тууралуу айтып берди.
ЖОЖдор менен илим кайсы бир деңгээлде интеграцияланган. Анткени окумуштуулардын дээрлик 70 пайызы окуу жайларда сабак берет. Бул тууралуу Батыркул Баетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Баетов: окумуштуулардын дээрлик 70%ы окуу жайларда сабак берет
Анын айтымында, көп жылдан бери илимди реформалоо боюнча айтылып келе жатат.
"Илимге бюджеттен мурда 500 миллион сомдой бөлүнсө, учурда 700 миллион сомдой каралат. Ошондуктан илимдин потенциалын мамлекеттин пайдасы үчүн колдонуу зарылдыгы белгиленүүдө. Мына ошол багытта реформанын биринчи баскычы катары ЖОЖдорду ирилештирүү боюнча президенттин жарлыгы чыккан. Натыйжада беш окуу жайга (Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Кыргыз агрардык университети, Кыргыз улуттук университети, Медициналык академия жана Ош мамлекеттик университети — ред.) өзгөчө макам берилди. Ал эми экинчи баскычында Улуттук илимдер академиясынын Экономика институту менен Энергетика институтунун экономикалык блогун КЭУга, УИАнын Түштүк бөлүмүнүн гуманитардык жана регионалдык изилдөөлөр институтун ОшМУга өткөрүү каралган. Мындан тышкары, 11 институт (геомеханика жана жер казынасы, геология, машина таануу, жаратылыш ресурстары илим изилдөө институттары, биология, биотехнология институттары, математика, физика, химия институттары, тоо физиологиясы жана медицина институту — ред.) жогоруда айтылган беш ЖОЖ менен иштешиши керек. Натыйжасына жараша тийиштүү чечим кабыл алынат. Башкача айтканда, алар УИАнын курамында иштей берет же бириктирилип, ал тургай жоюлуп дагы кетиши ыктымал. Учурда окумуштуулардын 70 пайызы ЖОЖдордо сабак берет. Мындайча айтканда, кайсы бир деңгээлде интеграция бар деп айтууга болот", — деди Баетов.
Ошондой эле ал министрлер кабинетинин тескемеси менен атайын комиссия түзүлүп, иш жүрүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0