Суук күчүндө калат. Нарында бир жумага карата аба ырайы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖумгал районундагы айылдардын бири. Архив
Жумгал районундагы айылдардын бири. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2023
Жазылуу
Жолдор тайгак болот, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумага карата Нарын облусунда аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
5-8-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт.
9-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 10-11-мартта жаан-чачын болбойт.
Жолдор тайгак болот, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ал эми 5 жана 8-мартта күндүз айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетери айтылды.
Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2023
Жаз келди! Март айында аба ырайы кандай болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0