Жогорку Соттун экс-судьясынын хан сарайы аукционго коюлду. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГИКЖогорку соттун экс-судьясынын хан сарайы аукционго коюлду
Жогорку соттун экс-судьясынын хан сарайы аукционго коюлду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2023
Жазылуу
Үйдүн баштапкы баасы дээрлик 69 миллион долларды түздү.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мамлекеттик ипотека компаниясы Жогорку Соттун экс-судьясынын мурдагы хан сарайын аукционго койду. Бул тууралуу аталган компания билдирди.
Эки кабаттуу хансарай Бишкектин түштүгүндөгү VIP-шаарчада жайгашкан. Анын баштапкы баасы 68,7 миллион сомго (дээрлик 800 миң доллар) бааланды.
© Фото / пресс-служба ГИК

Мамлекеттик ипотека компаниясы Жогорку Соттун экс-судьясынын мурдагы хан сарайын аукционго койду

Мамлекеттик ипотека компаниясы Жогорку Соттун экс-судьясынын мурдагы хан сарайын аукционго койду - Sputnik Кыргызстан
1/3

Мамлекеттик ипотека компаниясы Жогорку Соттун экс-судьясынын мурдагы хан сарайын аукционго койду

© Фото / пресс-служба ГИК

Эки кабаттуу хансарай Бишкектин түштүгүндөгү VIP-шаарчада жайгашкан

Эки кабаттуу хансарай Бишкектин түштүгүндөгү VIP-шаарчада жайгашкан - Sputnik Кыргызстан
2/3

Эки кабаттуу хансарай Бишкектин түштүгүндөгү VIP-шаарчада жайгашкан

© Фото / пресс-служба ГИК

Анын баштапкы баасы 68,7 миллион сомго (дээрлик 800 миң доллар) бааланды

Анын баштапкы баасы 68,7 миллион сомго (дээрлик 800 миң доллар) бааланды - Sputnik Кыргызстан
3/3

Анын баштапкы баасы 68,7 миллион сомго (дээрлик 800 миң доллар) бааланды

1/3

Мамлекеттик ипотека компаниясы Жогорку Соттун экс-судьясынын мурдагы хан сарайын аукционго койду

2/3

Эки кабаттуу хансарай Бишкектин түштүгүндөгү VIP-шаарчада жайгашкан

3/3

Анын баштапкы баасы 68,7 миллион сомго (дээрлик 800 миң доллар) бааланды

Эске салсак, 2020-жылы декабрда мыйзамсыз байыган деп кармалган Жогорку Соттун мурдагы судьясы Камил Осмоналиев 2021-жылы мартта мамлекетке 114 миллион сом төлөөгө макул болуп, абактан чыккан. Судьяга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинде ("Мыйзамсыз баюу") каралган кылмыш белгилери боюнча айып тагылган. Судьянын элиталык кыймылсыз мүлктөрү, батирлери, Ысык-Көлдө коттедждери бар экени айтылган. УКМК тараткан маалыматта судья жана анын туугандары популярдуу дүйнөлүк курорттордо эс алууга мүмкүнчүлүгү бар экени белгиленген. Конфискацияланган хан сарай "Манас" театрына берилген. Үй сатылгандан кийин театр кайда көчөрү айтыла элек.
Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2023
Коррупция, алдамчылык иштери эскирбесин. Депутат мыйзамды өзгөртүүнү сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0