Өткөн жылы кыргызстандык спортчулар өлкө капчыгына 482 медаль салды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желегин көтөргөн спортчу. Архив
Кыргызстандын желегин көтөргөн спортчу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2023
Жазылуу
Жылдын эң негизги жетишкендиги Кыргызстан курама командасынын дүйнөлүк курама командага киргендиги болду.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. 2022-жылы кыргызстандык спортчулар өлкөгө 482 медаль алып келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Анын ичинен:
олимпиадалык спорт түрлөрүнөн: 57 алтын, 68 күмүш, 113 коло;
олимпиадалык эмес спорт түрлөрүнөн: 42 алтын, 51 күмүш, 66 коло;
улуттук спорттун түрлөрүнөн: 27 алтын, 26 күмүш, 32 коло медаль алып келинген.
Жыйынтыгында Кыргызстандын спорт капчыгы 126 алтын, 145 күмүш, 211 коло менен толукталгандыгы айтылды.
“Кыргыз спортунун курама командалары: Сурдлимпиада оюндары, Азия балдары оюндары, Ислам тилектештиги, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча ХI дүйнөлүк оюндарга катышып, Кыргызстанды дүйнөгө таанытышты”, — деп айтылат маалыматта.
Чоң аренада эң негизги жетишкендик катары Кыргызстандын курама командасы дүйнөлүк рейтингде алдыңкы орунга чыгып, дүйнөлүк курама командага киргенди белгиленди.
Кыргызстандык спортчу Кубанычбек Абдисалам уулу Brave CF уюмунун чемпиону болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2023
Кубанычбек Абдисалам уулу Brave CF уюмунун чемпиону болду. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0