Эки министрликте 340 млн. сомдон ашык каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

© Sputnik / Жоомарт УраимовБилим берүү жана илим министрлиги. Архив
Билим берүү жана илим министрлиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2023
Жазылуу
Эсеп палатасы ведомстволордун бюджетинин аткарылышын текшерген.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстанда эки министрликте жалпы суммасы 340 миллион сомдон ашык каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасы билдирди.
Маалыматта 2021-жылга карата бюджеттин аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлгөндүгү айтылат.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Билим берүү жана илим министрлигинде 320,7 миллион сомдук финансылык бузуулар аныкталды. Анын ичинен:
87,7 миллион сом өлчөмүндө эмгек акынын негизсиз төлөмдөрү;
7,7 миллион сом өлчөмүндө материалдык баалуулуктарды жана каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруулар;
4,7 миллион сом өлчөмүндө курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүн көтөрмөлөө;
48,4 миллион сом өлчөмүндө бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу жана башкалар.
Бюджеттин резерви жана жоготуулары 819,1 миллион сомду түздү, анын ичинен 106,5 миллион (100 миллион сомдон ашыгы ордуна коюлган) сом ордуна коюлууга тийиш.
Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 158,7 миллион сомду түзгөн, анын ичинен 122,9 миллиону (бир бөлүгү ордуна коюлган) ордуна коюлууга тийиш.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигиндеги текшерүүдө 23,5 миллион сомдук финансылык мыйзам бузуу аныкталган. Анын ичинен 7,3 миллиону ордуна келтирилүүгө тийиш (5,1 миллион сом ордуна коюлган). Ошондой эле:
734,5 миң сомдун жана материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги;
16,5 миллион сом өлчөмүндөгү эмгек акыларын негизсиз төлөө аныкталган.
Мындан сырткары, 5 миллион сомдук бюджеттин резерви аныкталган.
Кумтөр ишканасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2022
Эсеп палатасы: "Кумтөрдү" беш ай текшердик, 4,5 млрд. сомдук зыян аныкталды
Жаңылыктар түрмөгү
0