Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Акимдердин ыйгарым укуктарын кеңейтүү каралууда

© Sputnik / Асел АкматМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2023
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы мыйзамдарды дал келтирүү боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн белгиледи.
Акимдердин ыйгарым укуктарын кеңейтип, ошого жараша милдеттерин дагы көбөйтүү каралууда. Бул тууралуу Бакыт Төрөбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Акимдердин ыйгарым укуктарын кеңейтүү каралууда
Анын айтымында, акимдер айрым райондук мекемелердин жетекчилерин дайындоо маселесин көтөргөн.
"Облустарда коллегиялар өткөрүлдү. Жергиликтүү өз алдынча башкарууга тийиштүү мыйзамдарды дал келтирүү максатында жумушчу топ түзүлдү. Акимдер беш министрликтин макулдугу менен райондогу бөлүмдөрүнүн жетекчисин дайындайт. Ошол сунуштарга министрликтер макулдук бербей коюп жатканы маселе катары көтөрүлдү. Ошондуктан администрация башчылары башка мекемелердин жетекчилерин дайындоо боюнча ыйгарым укуктарды берүүнү суранышууда. Мисалга, РЭСтин начальнигин, Архитектура, Кадастрдын жетекчилерин дайындоону акимдерге берүү маселеси дагы айтылды. Бул боюнча министрлер кабинети карап чыгып, ревизия жасалды, тиешелүү чечимди март айында чыгарат. Акимдерге жоопкерчилик берилгенге жараша айрым милдеттерди дагы жүктөө каралууда. Мисалы, салык системасын берүү каралышы ыктымал. Анткени учурда салыктын 90 пайызга чукулу Чүй менен Бишкектен чогулууда", — деди Төрөбаев.
Ошондой эле ал УКМК, прокуратура, Статистика комитети, ИИМ сыяктуу айрым мекемелердин аймактык жетекчилерин дайындоо акимдерге берилбей турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0