Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кайырбеков: адал индустриясынын өнүгүшү менен туристтердин саны өсүүдө

© Sputnik / Асел АкматЭкономика жана коммерция министрлигине караштуу Адал индустриясын өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Кайырбеков
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Адал индустриясын өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Кайырбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2023
Жазылуу
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Адал индустриясын өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Кайырбеков Кыргызстанда КМШда алгачкылардан болуп 2015-жылы адал индустриясы боюнча концепция иштелип чыкканын белгиледи.
Адал индустриясын жакшыртуу туризмдин өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу Алмаз Кайырбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Кайырбеков: адал индустриясынын өнүгүшү менен туристтердин саны өсүүдө
Анын айтымында, стандарттарды иштеп чыгуу үчүн Стандартташтыруу жана метрология борбору, Адал индустриясын өнүктүрүү мамлекеттик борбору менен биргеликте техникалык комитет түзүлдү.
"Адал индустриясын өнүктүрүү боюнча министрлер кабинетинин иш-чаралардын планы бекитилген. Анда туризм боюнча дагы багыттар каралаган. Дүйнөлүк Global Muslim Travel уюму Кыргызстанды 25-орунга койду. Соңку жылдарда Перс булуңунан туристтер көп келе баштады. Алар өлкөнүн жаратылышына кызыгып келүүдө. Демек, ошолорго тийиштүү тамагы, мейманканасы ж.б. боюнча шарттар түзүлүшү керек. Адал талаптары улуттук жана эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылууда", — деди Кайырбеков.
Ошондой эле ал адал индустриясы боюнча тийиштүү мыйзам иштелип чыгып, каралып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0