Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россияны үч айда жок кылабыз дешти. Кеп төркүнү кайда

© AFP / WOJTEK RADWANSKIПольшалык жана Украинанын аскерлери машыгуулар учурунда. Архив
Польшалык жана Украинанын аскерлери машыгуулар учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2023
Жазылуу
Украинадан айырмаланып Россиянын капчыктуу, таасирдүү демөөрчүсү жок, андыктан Москва бирөөнүн алдында "сүйлөп, билдирүүлөрдү жасап турууга" милдеттүү эмес.
Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Алексей Данилов журналисттер менен баарлашып, телемарафондун эфиринде азыркы жаңжал Россиянын кыйроосу менен жыйынтыкталарына ишендирди.
"Россия Федерациясы жок кылынат. Болбосо ал Украинага эле эмес, бүтүндөй аалам үчүн кооптуу", — деди ал. Даниловдун айтымында, өзгөрүүлөргө бир нече айдан кийин күбө болобуз. Айтылган кептин чындыгы канчалык экенине россиялык журналист Давид Нармания баам салып көргөн.

Алгач мөөнөтү тууралуу сөз кылалычы, эмне үчүн жайында?

Анткени Украина дал ушул жай айларында АКШ менен Батышта даярдыктан өтүп жаткан аскерлеринин кайтышын күтүп жатат. Америкалыктар Patriot операторлорун окутуп жатса, немецтер менен поляктар "Леопарддын" экипажын, британиялыктар Киев ала элек истребителдердин учкучтары менен артилеристтерди, бельгиялыктар суу алдында жүрүүчү дрондордун адистерин даярдап жатат. Мындан тышкары, Берлин менен Париж дал ушул маалга туштап жалпы жонунан жети миң украиналык жоокерди даярдыктан өткөрүүнү убадалаган.
Танкалар кечигүүдө: Германиянын коргоо министри Борис Писториус Киев эки батальондун ордуна Leopard 2ни 1,5 эсе аз аларын билдирди. Мындай карасаң айырма болор-болбостой, бирок бул жерде бир маселе бар. Алгач эсеп-чот немец стандарты менен жүрөрү, башкача айтканда, эки батальон 90дон ашуун машина деп эсептелери айтылган. Кийинчерээк Берлин кеп украин батальондору тууралуу болуп жатканын, бул 60 машина экенин айтты. Натыйжада Украина Куралдуу күчтөрү күткөндөй 90 эмес, болгону 47 танк алат. Дагы эски Leopard 1ден 120сы жыл соңунда келмекчи. Айтор, Киев утушка караганда утулушта көбүрөөк калгандай.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Макрон Россияны кыйратуу идеясын Франция эч качан жактабай турганын айтты

Мөөнөтүнүн себебин тактап алдык, ал эми Даниловдун мындай катуу сүйлөшүнүн өзүнө эмне негиз болду?

Апта аягында The Washington Post гезитине Вашинтондун Киевге эскертүүсү тууралуу макала жарыяланды. Анда жаңжал Украина үчүн аяктай турган чекке келип калганы айтылган. Гезиттин маалымат булактары Ак үйдө америкалыктар Украинага жардам берүүнү улантуу боюнча убада бергенин мойнуна аларын айтышкан. Бирок "канча керек болсо ошончо жардам көрсөтүлөт" деген көп колдонулган сөз колдоонун көлөмү эмес, жаңжалдын мөөнөтүнө байланыштуу экенин унутпаш керек. Башкача айтканда, Зеленский украиналыктардын белин мобилизация менен майыштырып турган чакта акча келе берет, бирок Батыштагы кураторлору буга ыраазы болбосо барган сайын акча азая бермекчи.
Басылманын пикиринде, Киевге январь айында келип кеткен мамлекеттик катчынын орун басары Венди Шерман менен Пентагондун башчысынын орун басары Колин Кол украиналыктарга дал ушул нерсени айтып жеткириши керек эле.
Жакында эле Улуу Британиянын коргоо министри Бен Уоллестин сөзүн да ушундай эле мааниде кабыл алууга болот. Ал Украина Куралдуу күчтөрү ок-дарыны коромжу кылып жатканын айтып, сарамжалдуураак болушу керек экенин белгилеген. Албетте, альянстын кампаларындагы запастын түбү бар эмеспи. Уоллес азыр Британияда окуудан өтүп жаткан украиналык артилеристтер "үнөмдүү согушууга" үйрөнүп жатканын кошумчалады.
Артиллериянын жетишсиздигин Киев пехота менен толтурууну чечкен, бирок бул жерде да көйгөй жаралды. Эл мобилизациядан тажап, интернет айдыңында аскер комиссариаттарынын кызматкерлери чакырууну коомдук траснпортто эле тапшырып, документке кол коюудан баш тарткандарды ур-тепкиге алып, күчкө салып алып кетип жаткандары түшүрүлгөн видеолор тарай баштады. Согушам дегендер аз, буга Артемовск мисал. Киев "стратегиялык мааниси жок" деген бул шаарда Украина оор жоготууларга дуушар болуп жатат. Бул жагдай эч кимди деле шыктандырып жибербеси бышык.
Мындай жаңылыктардан соң украин саясатчыларынын каршылашка тап берүү, "бүттү, эми өлдүң" деген опузадан башка айласы жок. Жардамын токтотпошу үчүн Вашингтонго жагынуусу керек.
Даниловдуку сымал билдирүүлөр сүйлөшүүгө да бөгөт коет. Киевге ушул керек, анткени жаңжал токтоп калса Зеленскийдин режиминин да күнү бүтөт. Ал эми украиналыктардын кыйналганы бул башка кеп.
Албетте, жогоруда айтылгандарга карабай каршы тарапты таптакыр эле баалабай коюуга болбойт. Украин армиясы чатак башталгандан бери аскеринин санын кеминде эле 700 миңге жеткирип алды, анын үстүнө күтүлгөндөй болбосо да өнөктөштөрүнөн курал-жарак келип жатат. Бирок украин бийлиги менен Батыштагы ээсинин Россияны жок кылуу ниети эч күмөн санаттырбайт.
Украинадан айырмаланып Россиянын капчыктуу, таасирдүү демөөрчүсү жок, андыктан Москва бирөөнүн алдында "сүйлөп, билдирүүлөрдү жасап турууга" милдеттүү эмес. Демек, унчукпай эле алдына койгон максатына карай умтула бериши керек.
БУУнун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
БУУ Россияны уюмдан чыгаруу чакырыгына жооп берди
Жаңылыктар түрмөгү
0