Кыргызстандык балбандар Египетте өтө турган мелдешке катышат

© Фото / United World WrestlingТурнир учурда улуттук күрөш боюнча курама команданын машыктыруучусу. Архив
Турнир учурда улуттук күрөш боюнча курама команданын машыктыруучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2023
Жазылуу
Кыргызстандан Египетке барган балбандар эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашат.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Күрөш боюнча кыргыз улуттук курама командасы Египетте өтө турган эл аралык Ibrahim Moustafa мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти маалымдады.
Билдирмеге караганда, мелдеш 21-февралдан 25-февралга чейин Александрия шаарында өтөт. Анда спортчулар эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз келиндер күрөшү боюнча күч сынашат.
Кыз келиндер күрөшү боюнча күч сынаша тургандардын тизмеси:
Айсулуу Тыныбекова – 62 кг;
Мээрим Жуманазарова – 68 кг;
Айпери Медет Кызы – 76 кг.
Улук машыктыруучусу – Байгазы Кенжебаев;
Башкы машыктыруучусу – Нурбек Изабеков.
Египетке эркин күрөш боюнча бара турган команда:
Алмаз Сманбеков – 57 кг;
Бекзат Алмаз уулу – 57 кг;
Улукбек Жолдошбеков – 61 кг;
Тайырбек Жумашбек уулу – 61 кг;
Алибек Осмонов – 65 кг;
Эрназар Акматалиев – 70 кг;
Орозбек Токмамбетов – 70 кг;
Исламбек Орозбеков – 74 кг;
Нуртилек Карыпбаев – 86 кг.
Улук машыктыруучусу – Сүймөнкул Таабалды уулу;
Башкы машыктыруучусу – Руслан Маджинов.
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда:
Сардарбек Конушбаев – 55;
Нурмухаммед Абдуллаев – 60 кг;
Сыймык Махмудов – 63 кг;
Раззак Бейшекеев – 67 кг;
Нуржигит Кеңешбек уулу – 72 кг;
Ырысбек Максатбек уулу – 77 кг;
Атабек Азисбеков – 87 кг;
Нурмамбет Раймалы уулу – 97 кг;
Роман Ким – 130 кг.
Улук машыктыруучусу – Улукбек Карачолоков;
Башкы машыктыруучусу – Азат Эркимбаев.
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2023
Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0