Үй курган компанияларга котлован казуу этабында акча чогултууга тыюу салынат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТурак жайдын курулушу. Архив
Турак жайдын курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2023
Жазылуу
Мындай иштер ушул жылдын биринчи кварталында жүзөгө ашырылат.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргызстанда көп кабаттуу үй курган компанияларга котлован казуу этабында кардарлардан акча чогултууга тыюу салынат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, мындай иштер үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында жүзөгө ашырылат.
© Фото / пресс-служба Правительства КРМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
Председатель Кабинета Министров КР Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2023
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
"Курулуш компаниялары үйлөрдү өзүнүн акчасына же кредиттик ресурстардын эсебинен салышы керек. Кардарлар менен курулуш компанияларынын ортосунда банк кепил болуп бериши шарт. Эл ушул банкка депозит катары акчасын салат, андан соң алар фирмаларды төмөн пайыз менен каржылайт", — деди Жапаров.
Өкмөт башчынын айтымында, курулуш компанияларынын 30 пайызы ач көздүк кылып бир үйдү бүтүрүүнүн ордуна эки-үч котлованды казып, ал жактан да акча чогултуп баштайт. Эми мындай мехнизмдерге өкмөттүк деңгээлде тыюу салынмакчы.
Бишкек шаарында турак жайларды куруу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2023
Жапаров Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты боюнча суроого жооп берди
Жаңылыктар түрмөгү
0