Түркияда катуу жер титиреп, үйлөр кыйрады. Видео

© AFP / MAHMUT BOZARSLANТүркияда катуу жер титиреп, үйлөр кыйрады
Түркияда катуу жер титиреп, үйлөр кыйрады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2023
Жазылуу
Өлкөдө кооптуулуктун жогорку деңгээли жарыяланды.
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Түркияда түндө күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, бир канча шаарда үйлөр урап түштү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Зилзаланын очогу Кахраманмараш провинциясында экени айтылды. Жалпысынан жер төрт ирет титиреген.
Силкинүүдөн бир катар шаарларда үйлөр урап, алдында адамдар калганы кабарланган эле. Акыркы маалымат боюнча, Шанлыурф шаарында 12, Османий провинциясында беш адам каза болгон.
Президент Режеп Тайип Эрдоган өлкөнүн түштүк-чыгышында зилзаланын кесепетин жоюу иштери башталганын билдирди. Ал эми ички иштер министри Сулейман Сойлунун айтымында, өлкөнүн бир катар аймактарында кооптуулуктун эң жогорку деңгээли жарыяланган.
Армениянын Спитак шаарындагы болгон зилзала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2022
30 секундада 30 миң кишинин өмүрүн алып кеткен зилзала. Спитак тууралуу видео
Жаңылыктар түрмөгү
0