Адамга оюндагыдай жашоого эмне тоскоол болот? Психолог 5 себебин атады

© Фото / Pexels / TobiТокойдогу кыз. Иллюстративдик сүрөт
Токойдогу кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2023
Жазылуу
Адистин айтымында, ишке ашпай калган пландарга адамдын өзүнө болгон терс мамилеси жана ою себепкер болот.
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Эмне үчүн кээ бир адамдар көздөгөн максатына жетпей, өзү каалагандай жашай албайт? Бул суроого психолог Елена Фильбегер "Чемпионат" басылмасына берген маегинде жооп берди.
Психологдун айтымында, көбүнчө алдыга койгон максаттар терс мамиледен улам, күмөнсүрөөдөн улам ишке ашпай калат. Өзүнө болгон ишенимдин аздыгы энергияны алып, мотивацияны жоготот, алсыздыкка кептейт.
Адис максаттарга умтулууда артка тарткан беш себепти атады:
Өзүн пайдасыз сезүү
Өзүн башкалардан төмөн сезүү алдыга умтулууга бөгөт коёт. Бул категорияга киргендер "менин эч кимге керегим жок", "мени сүйө турган эч ким жок", "мен жетиштүү акылдуу, ийгиликтүү, сүйүктүү эмесмин" деген ойлорун көп айтышат.
Чечим: өзүңүздүн маанилүүлүгүңүздү жана баалуулугуңузду түшүнүңүз.
Алсыз сезүү
"Мен эч качан ийгиликке жете албайм", "мен эч качан өз күчүм менен эч нерсеге жетише албайм" деген ойдон арыла албай жүргөндөрдүн тобу.
Чечим: өзүңүздүн күчтүү жактарыңызды билип алыңыз. Ката кетирүүдөн коркпоңуз. Ар бир жаңы кадам менен тажрыйба пайда болуп, натыйжасы жакшырарын унутпаңыз.
Перфекционизм
Бардык нерсени кемчиликсиз аткарууга болбойт. Иш баштоодо тышкы жагдайларга эмес, дароо кынтыксыз натыйжа чыгарам дегендер жаңылышат.
Чечим: жол болбой калуудан коркпоңуз. Кемчиликсиз, идеалдуу адам эч качан болбойт, болгон да эмес.
Таңууланган идеалдар
Кеп бизди бала кезден бери коштоп келген мамилелер жөнүндө. Мисалы, жакшы, тил алчаак адамдар гана ийгиликке жете алат. Көбүнчө өзүн ийгиликтүү классташ, кошуна, досуна салыштыруу. Өзүңүздү эмне үчүн бирөөгө салыштырасыз? Бирөөнүн жактыруусуна, сүйүүсүнө жана мактоосуна чындап эле муктажсызбы?
Чечим: башка бирөөнүн пикирине таянбаңыз. Ийгиликке жетүү жолун өзүңүз гана тандайсыз.
Ийкемдүүлүктүн жоктугу
Алдыга коюлган пландарды жагдайга жараша кайра карап чыгуу жөндөмүнүн жоктугу. Заманбап шарттарда ийкемдүү болушуңуз керек.
Чечим: тоскоолдуктарды жеңип, компромисстерди табууга үйрөнүңүз.
Ноутбукта иштеп жаткан кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2023
Азыркы жаштар эмне үчүн жанын кыйнап иштегиси келбейт? Адистин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0