Альтернативдик кызмат өтөгөндөргө төлөмдү көбөйтүү сунушталды

© Sputnik / Алексей МальгавкоАскердик билет. Архив
Аскердик билет. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2023
Жазылуу
Учурда үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча альтернативдик кызматка чакырылган жарандар үчүн төлөм 18 миң сомду түзөт.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Кыргызстандын парламентинде альтернативдик кызмат өтөөгө төлөмдү көтөрүү сунушу киргизилди. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев демилгелеген. Ал төлөмдөрдүн өлчөмү көптөн бери өзгөрүлбөгөндүгүн айтты.
Буга байланыштуу төлөмдү көбөйтүү боюнча төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда:
үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча альтернативдик кызматка чакырылган жарандар үчүн 50 миң сом (азыр 18 миң сом) өлчөмүндө;
диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, катталган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандар, ошондой эле коомдук пайдалуу жумуш аткарууну каалоосун билдирген жарандар үчүн 100 миң сом (учурда 25 миң сом) өлчөмүндө;
22 жашка чыккан, аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечими менен чакыруу мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга жана андан бошотууга ээ болбогон жарандар, аларга карата алгачкы текшерүү органдары, тергөөчү, прокурор же болбосо сот тарабынан аскер кызматына чакыруу иш-чараларынан качкандыгы үчүн жорук жөнүндө иши боюнча чечим кабыл алынган учурда 300 миң сом (азыр 50 миң сом) өлчөмүндө каражат төлөө каралууда.
Калкты тейлөө борборундагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2023
Депутат Калкты тейлөө борборундагы узун кезек боюнча маселе көтөрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0