Инсандын руханий өнүгүүсү боюнча жарлык. Логотип иштеп чыгууга сынак жарыяланды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүАдам намаз учурунда. Архив
Адам намаз учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2023
Жазылуу
Эң мыкты делген долбоордун авторуна 50 миң сом байге берилет.
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясына багытталган брендбук (логотип) иштеп чыгууга сынак жарыялады.
Маалыматта иш-чара президенттин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгынын негизинде өткөрүлүп жаткандыгы айтылат.
Сынакка катышуунун шарттары:
брендбукту түзүү үчүн сынакка кесипкөй жана көз карандысыз скульпторлор, дизайнерлер, сүрөтчүлөр, тарыхчылар, искусство таануучулар, жогорку окуу жайларынын студенттери катыша алат;
катышуучулардын жаш курагына чек жок;
ар бир катышуучу сынакка үчкө чейин эмгекти тапшыра алат;
сынакка катышуучу өзүнүн эмгегин даярдоого жана аны тапшырууга байланыштуу бардык чыгымдарды өзүнө алат.
Маданият министрлиги сынакка катышуучуларга долбоорду иштеп чыгууда төмөнкү шарттарды эске алуу керектигин айтты:
руханий жактан бай жана адеп-ахлактуу инсанды калыптандыруу жана өнүктүрүү идеясын чагылдыруу;
элдин салттуу баалуулуктарынын маанилүүлүгү жана башка маданий дөөлөттөрдүн эске алынышы;
үй-бүлөлүк баалуулуктарды, ишенимди чагылдырышы керек.
Эң мыкты долбоордун авторуна 50 миң сом сыйлык берилет.
Эмгектер 2023-жылдын 22-февралы саат 16:00гө чейин Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78 дарегиндеги 210-кабинетте кабыл алынат. Арызды берүүдө төлөм алынбайт.
Ош мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2023
Ош мэриясы кадрлар резервине кызматкер алууга сынак жарыялады. Шарты
Жаңылыктар түрмөгү
0