Министрлер кабинети пиязды экспорттоого тыюу салууну сунуштады. Себеби

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүПияз. Архивдик сүрөт
Пияз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2023
Жазылуу
Монополияга каршы мамлекеттик комитеттин маалыматына ылайык, 18-январда бир килограмм пияздын баасы 46,9 сом болсо, 25-январда 54,9 сом болуп кымбаттаган.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Министрлер кабинети пияздын бардык түрүн чет өлкөгө сатууга убактылуу тыюу салууну сунуштады. Айыл чарба министрлигинен белгилегендей, аны ЕАЭБге мүчө эмес мамлекеттерге чыгарууга болбойт. Азырынча бул тыюу канча убакытка киргизилери белгисиз.
Аталган сунуш Монополияга каршы мамлекеттик комитеттин билдирүүсүнөн кийин бул азыктын баасын турукташтыруу жана калкты аталган азык менен жетиштүү камсыздоо үчүн киргизилген. Мекеменин маалыматына ылайык, 18-январда бир килограмм пияздын баасы 46,9 сом болсо, 25-январда 54,9 сомго чыккан.
Айыл чарба министрлиги анын баасы кымбаттап кеткендигин моюнга алып, ал көп колдонулган зарыл азыкка кирерин белгилеген.
Буга чейин Казакстан дагы пиязды экспорттоого үч айга тыюу салган. Коңшу өлкө мындай чечимин Өзбекстан менен Пакистанда күздө түшүм жакшы болбогондугу менен байланыштырып, базарда Россиядан ташылган продукция көп экендигине токтолгон.
Өзбекстан да аталган жашылчаны экспорттоого төрт айга тыюу салган.
Кыргызстандын Статистика боюнча улуттук комитетинин маалыматы боюнча, өткөн жылдын 11 айында Кыргызстан 12,5 миң тоннага жакын пияз импорттогон, анын ичинен 1,3 миң тоннасы Казакстандан алынган. Ошол эле учурда 11 ай ичинде Кыргызстан сыртка 1,9 миң тонна экспорттосо, анын төрттөн бири Казакстанга сатылган.
Азык-түлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2023
Социалдык маанилүү товарлардын кымбатташын ооздуктоочу мыйзам долбоору каралды
Жаңылыктар түрмөгү
0