Ысык-Көл менен Нарында аңчылыктын айрым түрүнө үч жылга тыюу салынды

© AFP / JEAN-SEBASTIEN EVRARDМылтын көтөрүп бараткан аңчы. Архив
Мылтын көтөрүп бараткан аңчы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2023
Жазылуу
Министрлик элди жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоого чакырат.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. 2023-2026-жылдары Ысык-Көл жана Нарын облустарында Марко Поло тоо аркарына, тоо эчкисине, эликке, каманга жана уларга аңчылык кылууга тыюу салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
"Министрлик жарандарды өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн жана жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоого чакырат", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин министрлик эреже киргизилгенден кийин деңиз деңгээлинен 2 000 метрден жогору жерде ок атуучу курал алып жүрүү мыйзамсыз болорун эскерткен.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жаныбарлар дүйнөсү бөлүмүнүн башчысы Адис Мадиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2022
Радио
Мадиев: илбирс аткандар 1,5 млн. сом айып төлөйт
Жаңылыктар түрмөгү
0