ӨКМ: Майлы-Суу шаарынын тургундарына таза суу штаттык режимде бериле баштады

© Фото / пресс-служба МЧС КРМайлы-Суу шаарында иштеп жаткан ӨКМ кызматкерлери
Майлы-Суу шаарында иштеп жаткан ӨКМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2023
Жазылуу
Шаарда катуу сууктан улам 12-январда суу кампасындагы түтүктөр тоңуп, таза суу, жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Майлы-Суу шаарынын тургундарына бүгүн, 25-январдан тарта, таза суу кадимки режимде бериле баштагандыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Мекеме маалымдагандай, 15 чакырым аралыкта суу түтүкчөлөрүн ӨКМдин өздүк курамынын жана "Шаар суу канал" ишканасынын кызматкерлери эритип, элге ичүүчү сууну жеткиришкен.
Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында катуу сууктан улам 12-январда суу кампасындагы түтүктөр тоңуп, андан соң отканаларга суу толук келбей жылуулук берүү да үзгүлтүккө учураган. Мындан улам калаага өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Майлы-Суу шаарында катуу сууктан тоңгон суу түтүктөр алмаштырылат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2023
Майлы-Суудагы тоңгон суу түтүктөр жаңысына алмаштырылат
Жаңылыктар түрмөгү
0