Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Солтонбекова: протездик-ортопедиялык буюмдарды жасоочу адистер даярдалат

© Sputnik / Асель СыдыковаРеспубликалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин директору Ализа Солтонбекова
Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин директору Ализа Солтонбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2023
Жазылуу
Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин директору Ализа Солтонбекова мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар тийиштүү буюмдар менен бекер камсыздаларын айтты.
Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин тарыхы оор согуш жылдарында башталган. Быйыл ишкана 80 жылдыгын белгилейт. Бул тууралуу Ализа Солтонбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Солтонбекова: протездик-ортопедиялык буюмдарды жасоочу адистер даярдалат
Анын айтымында, аталган мекеме 2022-жылы 13 миӊ бейтапты протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыздаган.
"Бизге ар кандай себептерден улам буту-колунан ажырап калгандар же майып болуп төрөлгөндөр кайрылышат. Жакшы турмушта деле бизге кайрылган бейтаптардын саны жогорулап кетти. Себеби кант диабети менен ооругандар, коронавирустан улам тромб менен жабыркагандар көбөйдү, жол кырсыгы көп катталууда жана ушундай суукта колу-бутун үшүк алып кестиргендер бар. Ишканага 80 жыл болгону менен колу-бутунан айрылган бейтаптардын көбү мекеме тууралуу биле бербейт. Дароо чет мамлекеттен протездик-ортопедиялык буюмдарга тапшырык беришет. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар протездик-ортопедиялык буюм, реабилитациялоочу техникалык каражаттар, тиричилик шаймандары менен бекер камсыз боло алышат. Биздин кызматкерлер аларды нөлдөн баштап басууга, протез, балдак колдонууга үйрөтөт. Мындай учурда аларга колдоо көрсөтүү абдан маанилүү. Ал эми протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде кадр жетишсиздиги боюнча маселе дагы деле курч. Жакында Кыргызстанда протездик-ортопедиялык буюмдарды жана бут кийимдерди чыгаруу боюнча кесипкөй адистерди даярдоочу курстар ачылды. Окутуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин базасында Республикалык илимий-методикалык борбордун адистери менен биргеликте өткөрүлөт. Курстар кийинки жумушка орношуу перспективасы бар адистерди даярдап жана тажрыйбасын арттырат. Ошондой эле Жалал-Абад жана Нарын шаарларында кесиптик лицейлердин базасында РПОБМ мастерлери адистерди даярдап, практикадан өтүшөт. Окутуунун жыйынтыгында адистер кесиптик билимдин тиешелүү деңгээлдеги дипломуна ээ болушат", — деди Солтонбекова.
Ал 2022-жылы россиялык "Моторика" компаниясы менен бионикалык кибер-кол, башкача айтканда, протез каражаттарын жасап чыгаруу боюнча макулдашууга кол коюлганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0