Непалдагы авиакырсык: учак кулаар алдында тартылган видео

© AP Photo / Yunish GurungНепалда кулаган учактын жанында иштеп жаткан куткаруучулар
Непалда кулаган учактын жанында иштеп жаткан куткаруучулар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2023
Жазылуу
Кыйраган учактын ичиндеги 72 адамдын баары каза болгон.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Непалда кулаган учактын акыркы секундалары жүргүнчүлөрдүн бири тартып алган видеого түшүп калган.
Кадрлардан жүргүнчүлөрдүн алгач бейкапар отурганын көрүүгө болот. Анда лайнер конор алдындагы учур, терезелерден жер жана шаар имараттары көрүнгөнү тартылган. Бир маалда жарылуу болуп, өрт чыгып, кыйкырык угулат.
Кийинчерээк уюлдук телефон учактын сыныктарынын алдынан табылган. Ал ошол рейсте учуп келе жаткан Индиянын беш жаранынын бирине таандык болгону айтылды.
Кечээ Yeti Airlines компаниясынын Катмандудан учкан ATR 72 турбовинттүү жүргүнчү учагы Покхарадагы эски жана жаңы аэропорттордун ортосуна кулап түшкөн. Борттогу 72 адамдын баары көз жумду. Алардын 4ү экипаж мүчөсү, 68и жүргүнчү болгон.
Алдын ала маалыматтарга караганда, учактын кыйрашына техникалык мүчүлүштүктөр себеп болушу мүмкүн. Кырсыктын чоо-жайын атайын комиссия иликтеп, 45 күндүн ичинде корутунду бериши керек.
 Непалда кыйраган учак - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2023
Авиакомпания: Непалда кыйраган учактын ичиндегилердин баары каза болду
Жаңылыктар түрмөгү
0