Суу түтүктөрү тоңуп... Майлы-Суу шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

© AFP / TAUSEEF MUSTAFAИчүүчү суу түтүктөрүндөгү муз. Архив
Ичүүчү суу түтүктөрүндөгү муз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2023
Жазылуу
Калаада жылуулук берүү системасынын иши үзгүлтүккө учураган.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Майлы-Суу шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин ӨКМ билдирди.
Маалыматта 12-январда калаа калкын таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган, тактап айтканда, таза суу сактагычында түтүктөр тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн.

"Шаардыктарга берилүүчү суунун көлөмү азайып, №1, 3, 4 отканаларда жылуулук берүү системасына суу толук келбей калган. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Майлы-Суу шаардык мэриясында жарандык коргонуу комиссиясынын жыйыны өткөрүлүп, кырдаалды жөнгө салуу боюнча шаардык жарандык коргонуу кызматтарына тиешелүү тапшырмалар коюлган", — деп айтылат маалыматта.

Суунун көлөмүн калыбына келтирүү үчүн коммуналдык кызмат менен бирдикте шаардын Саматов көчөсүндө жайгашкан отканага өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн КамАЗ жана ЗИЛ-131 өрт өчүрүүчү автоунаалары дарыядан суу сордуруп, отказанга толтуруу жумуштарын аткарышканын кабарлады. Ага карабай шаарга жылуулук берүү токтоп, 13-январда шаар аймагына өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.
Карлуу жолдо жүрүп бараткан автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2023
Балыкчыда өзгөчө кырдаалга күчөтүлгөн даярдык режими киргизилди
Жаңылыктар түрмөгү
0