Кыргызстанда кайсы айда жумуш табуу жеңилирээк экендиги айтылды

© Фото / Pexels / Sora Shimazaki Жумуш издөөчү иш берүүчү менен маектешүү учурунда. Иллюстративдик сүрөт
Жумуш издөөчү иш берүүчү менен маектешүү учурунда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2023
Жазылуу
Маалымат иш берүүчүлөрдүн суроо-талабы жана талапкерлердин резюмелеринин негизинде даярдалган.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Жылдын башы жаңы жумушка орношууга ыңгайлуу мезгил болуп саналат. Бул тууралуу Кыргызстанда жана КМШ өлкөлөрүндө жумушту онлайн издөө жана жалдоо боюнча иш алып барган HeadHunter платформасы билдирди.
Маалымат иш берүүчүлөрдүн суроо-талабы жана талапкерлердин резюмелеринин негизинде даярдалган.
"Эмгек рыногунда жыл башында иш берүүчүлөрдүн саны көп, жумуш издегендер аз болот. Бул убакта жумуш таап, орношуу жеңилирээк. Кыргызстанда мындай ыңгайлуу учур январь-февраль жана август айларына туура келет", — деп айтылат маалыматта.
Платформанын маалыматы боюнча, жыл башында өлкөдө сатуу боюнча менеджерлер, бухгалтерлер, айдоочулар, финансисттер жана колл-борбор адистери арбын изделет.
Офис кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2023
Жаңы жылдык узак эс алууга байланыштуу бир нече ишемби жумуш күнү болот
Жаңылыктар түрмөгү
0