Арак-шараптан бир ай баш тартканда кишиде эмне өзгөрүү болорун дарыгер айтып берди

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүШарап ичкен адамдар. Архивдик сүрөт
Шарап ичкен адамдар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2023
Жазылуу
Адис ичимдикти көп убакыт ичкенде психикалык оорулар да пайда болорун айткан.
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Алкоголдук ичимдиктерден бир ай баш тартуу ден соолукка эң жакшы таасирин берет. Бул тууралуу реабилитациялык клиниканын дарыгери Деламер Кэтрин Карни түшүндүрүп бергенин РИА Новости жазды.
Дарыгер спирт ичимиктерин көп ичүү кан басымды жогорулатып, жүрөк-кан тамыр ооруларын пайда кыларын айткан. Алкоголдон узак убакытка баш тартуу кан басымды нормалдаштырып, түрдүү оорулардын пайда болуу коркунучун азайтарын түшүндүргөн.
"Бир ай сергек жүрүү организмге оң таасир берүү менен гана чектелбейт", — деп кошумчалаган адис.
Анын айтымында, алкоголдук ичимдиктер уйкунун сапатына терс таасирин тийгизет. Эгер киши бир ай ичпесе, анда уйку жакшырып, күн бою сергек жүрүп жана күч-кубат пайда болот. Мындан тышкары, арак-шарапты көп убакыт ичкенде психикалык оорулар да пайда болору айтылды.
"Британилыктардын 56 пайызы эс алуу үчүн гана ичебиз дешкени менен ал жалпы психикалык ден соолукка олуттуу таасир этиши мүмкүн", — деп жыйынтыктаган Карни.
Майрамда шампан менен адамдар. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2023
Кээ бир адамдардын эмнеге баш жазгысы келет? Окумуштуулардын изилдөөсү
Жаңылыктар түрмөгү
0