Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абдрасулов: кошумча кубаттуулук болбосо электр энергиянын тартыштыгы жаралат

© Sputnik / Асель Акмат"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын диспетчердик кызматынын жетекчиси Улан Абдрасулов
Кыргызстан улуттук электр тармагы ААКтын диспетчердик кызматынын жетекчиси Улан Абдрасулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2022
Жазылуу
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын диспетчердик кызматынын жетекчиси Улан Абдрасулов күн сууктаган учурда электр энергияны колдонуу максималдуу чекке жакындаганын белгиледи.
Кошумча кубаттуулуктар ишке киргизилбесе, өлкөдө электр энергиянын тартыштыгы жаралышы ыктымал. Бул тууралуу Улан Абдрасулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Абдрасулов: кошумча кубаттуулук болбосо электр энергиянын тартыштыгы жаралат
Анын айтымында, электр энергия тартыш боло баштаса, республика аны импорттоого мажбур болот.
"Декабрдын башында күн сууктаганда электр энергияны пайдалануу кескин өстү. Суткасына 71 миллион киловатт саатка жетип, рекорддук көрсөткүчкө чукулдады. Рекорд 73 миллион киловатт саат болуп, 2021-жылы 6-январда катталган. Өзгөчө кечки максимум саат 17ден 21ге чейин система резервсиз иштеп калды. Ошондуктан элге электр энергияны кечки максимумда сарамжал колдонууну сурануудабыз. Ошондой эле кечки жана таңкы максимумда электр энергия менен жылытууга уруксат берилбейт. Анткени иштеп чыккан энергиядан көп колдонулса, көтөрө албай аварияга учурашы ыктымал. Мындай учурда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурашы ыктымал. Негизи жалпысынан 2021-жылдын жыйынтыгы менен колдонуу 16 миллиард 200 миң кВт саат болгон. Калктын саны көбөйүп, экономика өнүгүп жатканына байланыштуу бул көрсөткүч жыл сайын өсүп жатат. Ал эми Токтогул ГЭСинен 12 миллиард кВт саат, калгандарынан эки миллиард кВт саат кубаттуулук өндүрүлүүдө. Натыйжада эки миллиард кВт саат тартыштык болот. Ошондуктан тезинен кошумча кубаттуулуктарды ишке киргизүү зарыл. Ансыз импортко көз карандылык жаралат", — деди Абдрасулов.
Ошондой эле ал учурда долбоору түзүлүп жаткан күндөн энергия алуучу станциялар ишке кирсе кошумча кубаттуулукту камсыздайт деген ишеним бар экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0