Казакстанда кырылган ак куулардан куш тумоосу табылды

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүАк куулар. Архив
Ак куулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2022
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактарда Каракөлдүн жээгинде жүздөгөн ак куулардын өлүп калган видеосу тараган болчу.
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Мангистау облусунда кырылып калган ак куулардан куш тумоосу табылып, буга байланыштуу Айыл чарба министрлигинин ветеринардык көзөмөлдөө комитети чукул чараларды көрүүдө. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Буга чейин жүрөк үшүн алган бул видеону казакстандык блогер Азамат Сарсенбаев тартып алган. Ал бул окуя Мангистау облусундагы Каракөлдө болгонун, жээкке жакын жерде жүздөгөн ак куулар кырылып калганын жазган.
"Мангистау облусунун Каракөл көлүнүн жээгинде Актау шаарынан 20 чакырым алыстыкта ак куулар кырылганы катталды. Патологиялык материалдардын үлгүлөрү алынып, Улуттук ветеринардык референттик борборго жөнөтүлгөн. Анда канаттуулар тумоосу аныкталды", — деп билдирди комитет.
Канаттуулар арасында инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн Айыл чарба министрлигинин ветеринардык көзөмөлдөө комитети тарабынан тобокел аймактардагы канаттуулардын бардыгын эмдөө үчүн республикалык резервден 18 644 доза вакцина бөлүндү. Республикалык эпизоотияга каршы отряд тартылган.
"Куш тумоосу боюнча туруктуу эпизоотиялык кырдаалды сактоо максатында жергиликтүү аткаруу органдары тарабынан калк арасында, чарба жүргүзүүчү субъектилердин ветеринарлары, мергенчилер, кароолчулар жана башка кызыкдар тараптардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Канаттуулар фермаларында ветеринардык иш-чаралар күчөтүлгөн", — деп айтылат билдирүүдө.
Ветеринардык көзөмөл комитетинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө республикада үй канаттуулар арасында куш тумоосунун эпизоотиялык абалы туруктуу.
Жалпысынан Казакстанда 2022-жылы жогорку патогендүү канаттуулар тумоосуна каршы 14 930 180 баш үй канаттууларын эмдөө пландаштырылууда. Бир жылда 14 764 980и (жылдык пландын 99 пайызы) эмделген. Үй канаттууларынын арасында оорунун белгилери жок. Эпизоотиялык абал аймактык инспекциялардын көзөмөлүндө.
Буга чейин Мангистау облусундагы Каракөл көлүндө жүздөгөн өлүк ак куулар табылганы маалымдалган.
Каракөл ак куулардын көчүү жолунда токтогон жерлеринин бири.
Кытайдагы тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2022
Кытайда биринчи жолу адамдан куш тумоосу аныкталды
Жаңылыктар түрмөгү
0