ИИМ координациялык кеңеш түзүүнү сунуштады. Милдеттери

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМилиция кызматкерлери. Архив
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2022
Жазылуу
Кеңешке бардык министрлер, Башкы прокурордун орун басары, Улуттук банктын төрагасынын орун басары жана депутаттар мүчө болот.
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Ички иштер министрлиги мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык кеңешти түзүүнү сунуштоодо. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлду.
Кеңештин негизги функциялары:
улуттук жана тармактык артыкчылыктуу программаларды карап чыгуу жана бекитүү;
программалык документтерде аныкталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо;
кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралардын пландарын жана долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшүн кароо. Аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү.
Кеңештин мамлекеттик органдардан жана коомдук уюмдардан маалымат алып, консультациялык жардам сураганга укугу бар.
Ошондой эле укук бузуулардын алдын алуу жагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырган орган жетекчилеринин отчётторун уга алат.
Кеңешке бардык министрлер, Башкы прокурордун орун басары, Улуттук банктын төрагасынын орун басары жана депутаттар мүчө боло алышат.
Такси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2022
ИИМ таксисттерди лицензия алууга милдеттендирет. Мыйзам долбоорундагы талаптар
Жаңылыктар түрмөгү
0