Путин: кошумча мобилизацияга зарылдык жок

© Sputnik / Александр Мельников / Медиабанкка өтүүМобилизациялангандарды атайын операция зонасына жөнөтүүгө даярдоо
Мобилизациялангандарды атайын операция зонасына жөнөтүүгө даярдоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2022
Жазылуу
Мамлекет башчысы мобилизацияланган аскерлердин жарымы дагы деле атайын машыгуулар өткөн полигондордо, Коргоо министрлигинин окутуу борборлорунда экендигин белгиледи.
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Жарандык коом жана адам укуктарын өнүктүрүү кеңешинин видеоконференция форматында өткөн жыйынында кошумча мобилизациялоо иш-чаралары тууралуу кеп кылууга кажет жок экендигин айтты.
Президент буга чейин мобилизацияланган аскерлердин жарымы (150 миңи) атайын аскердик операция өткөн аймактарда экендигин белгиледи. Ал 150 миң аскердин жарымы (77 миңи) аскердик бөлүктөрдө болсо, калганы аймактык коргонуу функциясын аткарып экинчи-үчүнчү линияда, башкалары операция өткөргөн зонада кошумча машыгуулардан өтүп жатышканын билдирди.
"Мобилизациялангандардын жарымы — 150 миң аскер атайын бөлүктөргө жиберилген эмес, башкача айтканда, алар дагы деле машыгуулар өткөрүлгөн полигондордо, Коргоо министрлигинин окутуу борборлорунда. Бул — аскердик резерв. Андыктан кошумча мобилизациялоо иш-аракеттерин жүргүзүүгө кажет жок", — деди Путин.
Ушул жылдын 21-сентябрында Россия президенти жарым-жартылай мобилизация башталганын жарыялаган. 28-октябрда коргоо министри Сергей Шойгу мамлекет башчысына 300 миң адамды мобилизациялоо тапшырмасы аткарылгандыгын айтып, аталган иш-аракет жыйынтыкталганын билдирген.
Россия лидери Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Киевдин Донбассты аткылашы боюнча эл аралык уюмдардын унчукпаганына нааразы
Жаңылыктар түрмөгү
0