Путин ЛГБТ пропагандасына, жыныс алмаштырууга тыюу салган мыйзамдарга кол койду

© Sputnik / Михаил Метцель / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2022
Жазылуу
Эгерде россиялык колдонуучулардын баракчаларына чоочун адамдар ЛГБТны пропаганда кылган комментарий калтырса, баракча ээси жоопко тартылбайт.
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин ЛГБТ пропагандасына, жыныс алмаштырууга жана педофилияга тыюу салган мыйзамдар пакетине кол койду.
Жаңы мыйзамдар салттуу эмес сексуалдык мамилелерди, педофилияны жана жынысын алмаштырууну төмөнкү жолдор менен жайылтууга же көрсөтүүгө тыюу салат:
фильмдер;
китептер;
коммерциялык материалдар;
жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарыя;
аудиовизуалдык кызматтар;
компьютердик оюндар;
маркеплейстер.
Анткен менен эгерде россиялык колдонуучулардын баракчаларына чоочун адамдар ЛГБТны пропаганда кылган комментарий калтырса, баракча ээси жоопко тартылбайт.
Миллиондук айып пулдар салынат
Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилип, айып пулдар каралган.
Ага ылайык, ЖМКларда жана интернетке ЛГБТ пропагандасын жайылткан россиялыктар 400 миң рублга чейин, ал эми юридикалык жактар беш миллионго чейин айып пул төлөшөт. Чет өлкөлүк жарандар 400 миң рублга чейин айыпка жыгылып, 15 сутка камалат же депортацияланат.
Ал эми педофилия пропагандасы үчүн жөнөкөй жарандар 800 миң рубль, юридикалык жактар тогуз миллион рублга чейин жазаланат. Чет өлкөлүктөргө да 800 миң рубль айып пул салынат же өлкөдөн чыгарылат.
Жаш балдар арасында салттуу эмес сексуалдык мамилелер тууралуу маалымат таратуу же алардын жынысын өзгөртүүгө багытталган чакырыктар үчүн жөнөкөй жарандар 200 миң рублга чейин, ал эми юридикалык жактар төрт миллион рублга чейин айыпка жыгылары каралган.
Роскомнадзор чектөө киргизиле турган маалыматтарды көзөмөлдөө укугуна ээ болот жана мыйзам бузган маалыматтарды тиешелүү органдарга жөнөтө алат.
АКШнын президенти Жозеф Байден  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2022
"ЛГБТнын келечек мууну үчүн". Байден бир жыныстуу нике жөнүндө мыйзамга кол коёт
Жаңылыктар түрмөгү
0