Садыр Жапаров Азиз Мурадилаевдин дарылануусуна акча бөлдү

© Sputnik / Эмиль СадыровАктер Азиз Мурадиллаев
Актер Азиз Мурадиллаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2022
Жазылуу
Операцияга 45 миң доллар керек эле, сумманын азыраак бөлүгү чогулган.
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаевдин дарылануусуна 42 миң доллар бөлдү. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова соцтармактагы баракчасына жазды.
Буга чейин ал Мурадилаевдин реанимацияга түшкөнүн кабарлап, артист шишип, суюктук чыкпай жатканын билдирген. Зарыл операцияга 45 миң доллар керек эле. Мурадилаев көптөн бери боор циррозунан жабыркап келет.

"Бир нече саат мурун сизге белгилүү актер Азиз Мурадилаевге жардам берүү өтүнүчү менен кайрылдым эле. Бир сааттан кийин сиздин атыңыздан 42 миң доллар алып келип беришти. Биздин үнүбүздү угуп, ден соолугу үчүн элдин баары тынчсызданып жаткан таланттуу актерубузга кам көрүгөнүңүз үчүн ыраазычылык билдирем", — деп жазган Молдокматова.

Ал акча чогултуу токтотулганын, элден жыйналган бир миллион 21 миң сом актердун жубайына тапшырыларын кошумчалады.
Көзүндө муң катылып жаткандай... Азиз Мурадилаев менен баарлашуу видеодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2022
Көзүндө муң катылып жаткандай... Азиз Мурадилаев менен баарлашуу видеодо
Жаңылыктар түрмөгү
0