Meta* Кыргызстанда АКШнын саясатын жүргүзгөн ондогон баракчаны жапты

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүү Meta* компаниясы. Архивдик сүрөт
 Meta* компаниясы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Жазылуу
Авторлор бул баракчалардын жардамы менен АКШ Борбор Азия элдерине өз саясатын таңуулаганга аракет кылганын белгилешти.
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Facebook* жана Instagram* тармактарына ээлик кылган Meta* компаниясы өз отчетунда АКШнын куралдуу күчтөрү менен байланышы бар ондогон аккаунтту блоктогонун маалымдады.
2022-жылдын III кварталына карата түзүлгөн отчетто компания Facebook тармагында 39 маалымат базасын, 16 баракча жана эки группаны, Instagram тармагында 26 маалымат базасын саясатына каршы келет деген кине менен өчүргөн. Баракчалардын баары КМШ, Жакынкы Чыгыш жана Африка мамлекеттерине багытталган.
"Бул түйүн АКШда негизделип, Афганистан, Алжир, Ирак, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Сомали, Сирия, Тажикстан, Өзбекстан жана Йемен сыяктуу өлкөлөрдү камтыган", — деп жазылат отчетто.
Анда түйүндүн артында тургандар өздөрүн аталган өлкөнүн тургундары катары көрсөтүшкөнү айтылат. Бирок компаниянын иликтөөсүндө алардын америкалык аскерлер менен байланышы бар экени аныкталган.
"Айрым баракчалар чакан медиабренддер тарабынан башкарылып, Twitter, YouTube, Telegram, россиялык "ВКонтакте" жана "Одноклассники" интернет-сервистеринде, блог, сайттарда иштеп келген. Алар жайгашкан өлкөсү тууралуу видео, сүрөт, макалаларды жана мемдерди жарыялап турушкан. Бирдей сүрөт же видео чыгарганда анын ынанымдуулугун арттыруу үчүн ар бири ага өз логотибин жайгаштырган", — деп жазылат документте.
© Фото / Взято из отчета компании Meta*Отчет за третий квартал 2022 года компании Meta*
Отчет за третий квартал 2022 года компании Meta*  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Отчет за третий квартал 2022 года компании Meta*
Отчетто бул иштин аркасында тургандар көбүнчө араб, фарс жана орус тилдерин колдонуп, террорчулуктун кооптуулугу тууралуу, АКШ аскерлерин мактап-жактап, ошондой эле COVID-19 пандемиясы жөнүндө билдирүүлөрдү жазып турушкан.
"Операциянын алкагында Иран, Кытай жана Россияны сындаган посттор да жарыяланып турган", — деп айтылат документте.
Ал арада Graphika аналитикалык компаниясы Стэнфорд интернет-обсерваториясы менен биргеликте Meta компаниясынын берген маалыматынын негизинде өзүнчө отчет даярдаган. Анда авторлор Борбор Азия өлкөлөрүндө бурмаланган маалымат таратууга пайдаланылып, кийин өчүрүлгөн баракча менен аккаунттардын сүрөттөрүн чыгарды.
© Фото / Взято из отчета компании Meta*Отчет за третий квартал 2022 года компании Meta*
Отчет за третий квартал 2022 года компании Meta*  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Отчет за третий квартал 2022 года компании Meta*
Иликтөөгө ылайык, Борбор Азия багыты боюнча иштеген топтун Twitter сервисинде 12 аккаунту, Facebook тармагында 10 баракча жана 15 профиль, Instagram тармагында 10 аккаунту болгону аныкталды. Мындан тышкары, алар "ВКонтакте" жана "Одноклассникиде" бир нече аккаунт иштетишкен.
"Операция Борбор Азиянын орус тилдүү аудиториясына багытталып, АКШнын регионго берген жардамын даңазалап келген. Ошол эле учурда Россияны, өзгөчө тышкы саясатын сынга алган. Контенти негизинен орус тилинде, болгону айрым твиттер казак жана кыргыз тилдеринде жазылып келген", — деп айтылат отчетто.
Иликтөөнүн авторлору маалыматтарды "Одноклассники" тармагында  "Бойцы Кыргызстана" жана "Новости Центральной Азии" сыяктуу группаларга жүктөп турушкан. Ал эми Facebook жана башка аянтчаларда төмөнкү топторду пайдаланышкан:
© Фото / Взято из отчета компании Meta*Отчет за третий квартал 2022 года компании Meta*
Отчет за третий квартал 2022 года компании Meta*  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Отчет за третий квартал 2022 года компании Meta*
"Ортосайблог";
"Шестигранник";
"МедиаФильтр";
"Пульс Востока";
"Стенгазета";
"Факт Тобе";
"Фактограф";
"Инфоскоп";
"Интергазета";
"Восточная правда".
"Борбор Азия боюнча иштеген топ социалдык тармакта анча ийгилик жарата алган эмес. Facebook тармагындагы посттору 10го жетпеген лайк алса, 10 посту биригип 1 000 кишинин көңүлүн бура алган. Бирок эки фиктивдүү ЖМК-топ жүз миң киши көргөн вирустук видеоролик жарыялаган. Анын бири Кыргызстандын россиялык согуштук символиканы тыюусу тууралуу болсо, экинчиси чөлдө мөмө-жемиш өстүргөн өзбек дыйкан жөнүндө эле", — деп жазган авторлор.
© Фото / Взято из отчета компании Meta*Отчет за третий квартал 2022 года компании Meta*
Отчет за третий квартал 2022 года компании Meta*  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Отчет за третий квартал 2022 года компании Meta*
Meta компаниясы өз отчетунда аталган ишмердүүлүктү америкалык аскерлерге таандык деп тапкан, себеби билдирүүлөр ошол мамлекеттеги эмес, АКШдагы жумуш убактысында (EST) жарыяланып турган. Натыйжада авторлор соцтармактын жардамы менен АКШнын аскер адамдары аталган өлкөлөрдүн элине таасир этүүгө, саясатын таңуулоого аракет кылышкан деген жыйынтыкка келди.
*Россияда Meta (Facebook жана Instagram) компаниясынын ишмердүүлүгүнө экстремисттик уюм катары тыюу салынган.
Голливуддагы Netflixтин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2022
Alibaba, Netflix. Кыргызстанда Google салыгын төлөөдөн баш тарткан компаниялар
Жаңылыктар түрмөгү
0