Жапаров: "дедовщинадан" бир аскердин мурду канаса, командири камалат

© Sputnik / Илья ПиталевАскерлер. Архивдик сүрөт
Аскерлер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2022
Жазылуу
Мамлекет башчы армиядагы өлүм боюнча көйгөйдү өз көзөмөлүнө ала турганын белгиледи.
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Курултайда жооп берип жатып аскердик кызматтарда үстөмдүк кылуу, уруп-согуу жоюла турганын билдирди.
Мамлекет башчы аскер каза болду десе Коргоо министрлигин эле күнөөлөй бербеш керектигин, себеби жоокерлер Жаза аткаруу кызматында, Ички иштер министрлигинде, Чек ара кызматында жана ӨКМде кызмат өтөшөрүн белгиледи.
"Дедовщина" 100 пайыз жок деп айта албайм, бар. Мен азыр баарына эгер ошол "дедовщина" менен бир аскердин мурду канай турган болсо, командири камаласыңар деп айтып жатам. Өткөндө бир окуя боюнча өзүм териштирдим. Аскерге кетип жатканда сүйлөшкөн кызына шакек берген экен, ал кийин кайтарып берип койсо атынып алган. Кызы башкага турмушка чыгам десе керек. Ачык айтайын, бул тармакты өзүм кыдырып көрө элекмин. Үстүртөн эле карап курал-жарагын, кийим-кечесин камсыздап жатабыз", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал соңку эки жылда аскерий тармакка 53 миллиард сом бөлүнгөнүн белгиледи.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2022
Баарыңарда эне бар. Курултайда Ташиевдин сөгүнгөнүнө баа берүү сунушталды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0