Совет убагында чалгынданган кендердин запасы 10-15 жылда түгөнүшү мүмкүн. Маек

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүүЖерүй алтын кениндеги кызматкер. Архив
Жерүй алтын кениндеги кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2022
Жазылуу
Кыргызстан кен байлыктарга бай мамлекет. Өлкөгө кирген түз инвестициялардын көбү тоо-кен, энергетика тармактарына тартылары белгилүү. Геология тармагында да чече турган маселелер бар.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техника илимдеринин доктору, академик Дүйшөнбек Камчыбеков болду.
© Sputnik / Табылды КадырбековДүйшөнбек Камчыбеков: азыр геология тармагына тийиштүү көңүл бурулуп, кендерди чалгындоого лицензия бербесе, союз учурунда чалгынданган кендердин кору 10-15 жылдан кийин бүтүп калышы мүмкүн
Эксперт горнодобывающей индустрии Дуйшонбек Камчыбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2022
Дүйшөнбек Камчыбеков: азыр геология тармагына тийиштүү көңүл бурулуп, кендерди чалгындоого лицензия бербесе, союз учурунда чалгынданган кендердин кору 10-15 жылдан кийин бүтүп калышы мүмкүн
— Биздин экономикабыздын локомотиви да ушул тармак экенин айтышууда. Геологиялык чалгындоо иштерине кандай маани берилип жатат?
— 2019-жылы аталган тармактан бюджетке 19 миллиард, 2020-жылы 21 миллиард, 2022-жылдын алты айында 26 миллиард сом түшкөн. Жыл жыйынтыгы менен бул көрсөткүч 30-35 миллиард сомго чейин жетет деген божомол бар. Ал эми энергетиканын өзүнүн эле карызы 135 миллиард сомдун тегерегинде. Тоо-кен тармагы бюджеттен бир да сом албайт. Союз кезиндеги чалгындоонун негизинде бизде 2500гө жакын лицензиат бар. Кыргызстанда көмүрдүн да түрү көп. Мындан тышкары, Кеминден союз учурунда иштетилип келген сейрек кездешүүчү кымбат металлдардын кени табылган. Жумгалда жайгашкан Сандык кенинде, Баткендеги Зарделек кенинде нефелин сиенитти (алюминий) кездештирүүгө болот. Мунун көбү союз учурунда изилденип, чалгынданган. Ал убакта жетиштүү каражат бөлүнүп, чалгындоо иштерине керектүү курулуш материалдары келип турчу. Союз тараганда геологиялык экспедициялар жүргүзүлүп, ага керектүү жабдыктарды даярдаган завод бар эле. Ошол кезде бюджеттен бөлүнгөн каражаттын суммасы болжолдуу 100 миллион сомго жетчү. Мындан тышкары, ар бир экспедиция чет элдик жана жергиликтүү компаниялар менен иштешип 40-50 миллион сомго чейин кошумча каражат табышчу. 2021-жылдан тартып экспедициянын баары бириктирилип "Кыргыз геология" мамлекеттик ишканасына киргизилген. Алар геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө. Учурда бул үчүн болгону 22 миллион сом бөлүнөт, ал дагы толук төлөнүп бүтө элек. Бул каражатка ири масштабдуу чалгындоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүн эмес. Мисалы, жер астындагы сууларды изилдеген экспедиция бар, бирок аларга тийиштүү каражат бөлүнбөсө кандай болот? ӨКМ менен биргеликте суу каптоо кооптуулугун изилдеп турушчу, учурда бул жагы да ойлонтууда. Мындан тышкары, мурда жолго жакын жерлердеги көчкү түшүү коркунучун да алдын алуу максатында чалгындоо иштери жүргүзүлүп келген.
Азыр геология тармагына тийиштүү көңүл бурулуп, кендерди чалгындоого лицензия бербесе, союз учурунда чалгынданган кендердин кору 10-15 жылдан кийин бүтүп калышы мүмкүн. Бүгүн геологияга өз алдынча иш алып бара турган тармак катары макам берүү маселесин көтөрүү зарыл.
— Жетим-Тоодогу темир кенин казуу менен кандай пайда табабыз?
— Жетим-Тоо темир кенин иштетүүнү адистер деле колдоп жатат. Ал жерде кендин болжолдуу кору 3,5 миллиард тонна. Анын 2,5 миллиардын аныктап баланска, ал эми миллиард тоннасын күрөөгө коюп насыя алсак, электр зымы тартылып, инфраструктурасы түзүлмөк. Миллиард тоннасын 100 доллардан сатсак деле 100 миллиард доллар пайда тапканы жатпайбызбы. Бул сырткы карыздан кутулууга жана экономикага жакшы шарттарды түзөт. Азыр ушул кен жайгашкан жерде Нарындын коругу бар. Бүгүн геология тармагы Экология министрлигинин алдында. Бул эки тармактын чечими да эки башка болуп калууда. Мисалы, "геологдор иштетүү керек" десе, экологдор "иштетүүгө болбойт" деген чечим чыгарат. Геологдорду өзүнчө агенттик катары бөлүп, ортодогу маселени арбитр катары тийиштүү министрлик чечиши керек.
Жер титирөөдөн улам жарака кеткен жер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2022
Кыргызстандагы ири шаарлардын баарында жер жаракасы бар. Сейсмологдун маеги
— Эми чалгындоо, изилдөө иштерин жүргүзүүчү кадрлардын абалы кандай?
— Илимдер академиясынын алдындагы Геология институту фундаменталдык илим изилдөө иштерин жүргүзөт. Тоо-кен тармагын изилдөө иштеринде коркунучтарды анализдейт. Башка институттар менен да иштешип жатабыз. Ал эми жаш кадрлар маселеси маянага байланыштуу. Окууну бүткөндөр институтка келип иштеп көрүп, айлыгынан улам кетип калат.
Илимдер академиясынын алдындагы тоо-кен тармагына тиешелүү үч институттун базасында илим изилдөө борборун түзүп, Геология жана жер казыналарын пайдалануу департаменти менен иштешүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берсе жакшы болот эле. Өзүңөр билгендей, "Кумтөрдө" быйыл жарака пайда болуп, ошол жерде иш токтоп калган. Бирок инженерлер жакшы бир чечим кабыл алып көйгөйдөн чыгып кетти. Ошол кезде биз да алар менен акылдашып, илимге байланыштуу эки темасын жасап бердик. Бүгүн да иштешип жатабыз.
— Ал эми инвестиция жагы кандай? Шарттар түзүлүп, геологиялык, чалгындоо иштери жүрүп жатабы?
— Биздин жер казынасы мыйзамы инвесторлорду тартуу талабынын негизинде түзүлүп, алар кызыгуу менен келип жаткан. Азыр ал мыйзамга жаңы шарттар кирүүдө. Жер казынасын пайдаланууда кендин бөлүнүшүнө карай лицензия алууга жана казууга жылына атайын салык бирдиги киргизилген. Учурда жез, күмүш рудасынын концентраттарына да төлөм каралууда. "Кыргызстандан кендин рудасы же концентраты сыртка чыгарылса, түшкөн кирешесинен биржанын негизинде салык төлөнүшү керек" деген шарт бар. Буга ылайык "Алтын кен" компаниясы алтын концентратын Кытайга барып кайра иштетип келчү. "Алтын кендеги" иштетилип жаткан рудада күкүрт бар. Бул экологияга зыян алып келет. Кытайлык инвесторлор келип бул комбинатты курганда күкүрттү кайра иштетүү маселеси каралган эмес. Биздин башка инвесторлор деле концентратты Казакстандан кайра иштетип келип жатышкан. Алар жогорудагы шарт менен салык төлөшчү. Эми президент 2023-жылдын майынан баштап Кыргызстандан кен рудасы же концентраттары сыртка чыкпасын деген жарлык чыгарды. Мындан улам маселе жаралып, аны чечүү үчүн бизде кайра иштетүүчү завод ачуу керек. Күкүрт абага тарай турган болсо, экологияга таасир бербей тургандай болушу абзел. Мунун чечилишине биз өз сунуштарыбызды да берип жатабыз. Жер казынасы мыйзамынын негизинде келген инвесторлорго да улам-улам өзгөртүү кирген жагдайда иштөө оңой эмес.
— Геологиялык карта качан түзүлдү? Кандай процесстер жүрүп жатат?
— Картаны түзүүдө масштаб каралат. Азыр геологиялык чалгындоо иштеринин картасын түзүүдө 200-масштабда иштер жасалып жатат. Кагаз түрүндө түзүлгөн карта, жасалган иштерди электрондук версияга которуу маселеси бар.
Чаткал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2022
Тарыхы талкаланып, алтыны чыгарылып жаткан Чаткалдын кейиштүү абалы. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0