Кургак учук менен ооруган адамга жакындарынын колдоосу маанилүү

© AP Photo / Anupam NathОоруканада кургак учук менен бейтап. Архив
Ооруканада кургак учук менен бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2022
Жазылуу
Министрлик илдетке чалдыккан адамдын жакындары да, бейтап да андан айыгуусуна ишениши керектигин белгиледи.
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги кургак учукка кабылган бейтаптарга колдоо көрсөтүү менен анын илдеттен айыгуусуна чоң жардам берүүгө мүмкүн экендигин билдирди. Кургак учук менен ооруган адамдын көңүлү чөгүп, жашоодон үмүт үзүшү мүмкүн. Өзүнөн, жакындарынан, алар менен чогуу жашагандан коркот, тынчсызданат. Сыртынан мунун баарын билдирбегени менен ичинен санаа тартат, ошондуктан алардын ачуусу бат келет, коюлган диагнозду кабыл алгысы келбей туталанат.
Мекеме аталган ооруга каршы дарыланып жаткан бейтапка жакындары тарабынан кандай колдоолор керектигин тизмектеди.
Жакын адамыңызды бул убакта колдоп туруңуз, дарыларын өз убагында ичүүсүн эскертип, дарыгердин жазгандарын так аткаруусуна көмөктөшүңүз жана дарыланууну аягына чейин чыгаруусун көзөмөлдөңүз.
Кургак учуктан дарылануу көп убакытка созулат, буга байланыштуу ал алаксый турган, экөөңүздөр чогуу алектене турган хобби, жумуш табыңыз. Энергия алуу үчүн чогуу сейилдеңиздер, биргеликте музыка угуп, фильм көрсө болот, бир китепти окуп талкуулоо да жакшы идея.
Ал күн сайын белгиленген бир убакта ооруканага барып, дары, уколдорун алып келиши үчүн күндү алдын ала пландоо туура. Анын үйүндө балдары бар болсо ооруканага барып келгенге чейин балдарын карап туруңуз.
Ооруп жаткан учурда бейтап тынчсыздануу, коркунучтары жөнүндө айтса аны угуңуз, ачык сүйлөшүңүз. Достору, туугандары менен бат-баттан жолугуп, баарлашууга шарт түзгөн жакшы, мындай жагдайда ал өзүн жалгыз сезбей калат.
Бейтап оорусунан дарыланып жаткан алгачкы айларында ага толук кандуу эс алуу маанилүү, бул үчүн ага шарт түзүү керек. Өзүңүздү да, ооруп жаткан адамды да анын айыгарына ишендириңиз. Кургак учук айыга турган оору.
Бейтапты карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2022
Кургак учуктун алгачкы белгилерин кантип билсе болот? Министрликтин эскертүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0