Кыргызстан Өзбекстандан 15 572 гектар жер алып жатат. Каяктан кандай багытта?

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүПограничник патрулирует границу. Архивное фото
Пограничник патрулирует границу. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2022
Жазылуу
Бул келишим менен 302,29 чакырым чек ара тилкеси аныкталат.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргызстан чек араны тактоо учурунда Өзбекстандан 15 572 гектар жер алууга келишим түздү. Бул туурасында Жер ресурстары кызматынын директору Абдулат Мырзаев парламентте билдирди.
Анын айтымында, кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1 472,83 чакырымды түзөт. Анын 1170,53 чакырымы 2017-жылы 5-сентябрда такталган. Бул ирет 302,29 чакырым чек ара тилкесин делимитациялоо долбоору даярдалды. Ошону менен эки өлкөнүн чек арасы толугу менен такталат.
Мырзаев билдиргендей, Кыргызстан төмөнкү тилкелерди алып жатат:
Ала-Бука районундагы Гава-Сай тилкеси — 12 849 гектар. Кыргыз тарап кандай багыттагы жер экенин айткан жок, өзбек премьери Абдулла Арипов жайыт экенин билдирген;
Көк-Серек тилкеси — 105 гектар, кыргыз жарандары жашаган айыл жана айдоо аянттары бар;
Баястан — 212 гектар, жайыт жер;
Унгар-Тоо тилкеси — 35 гектар. Мамлекеттик телеканалдардын, уюлдук операторлордун радиорелейлик станциялары, антенналары жайгашкан;
Кара-Суу районунун Ак-Таш тилкеси — 100 гектар, сугат, айдоо аянттары;
Кара-Белес тилкеси — 25 гектар;
Өзгөн жана Сузак райондорунан 1000 гектар;
Кемпир-Абад суу сактагычын 908 горизонталдан 900гө түшүргөндө суу басып жаткан 1 246 гектар жер бошойт. Аны кыргыз тарап айыл чарба багытында пайдаланса болот.
Кыргызстандын Жер ресурстары кызматынын директору Абдулат Мырзаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2022
Өзүнүкүн туура дейт да... Өкмөт өкүлү премьер Ариповдун сөзүнө терикпөөгө чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0