Бишкекте окуучуларды атайын автобустар ташый баштайт. Сынамык долбоор

Автобустар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2022
Жазылуу
Шаар бийлиги алгач долбоордун акталар-акталбасын карап көрүп, акыркы чечимди кабыл алат.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бишкекте кийинки жумадан тарта окуучуларды атайын автобустар ташый баштайт. Бул тууралуу мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктура департаментинин директору Максат Нусувалиев маалымат жыйын учурунда билдирди.
Бул азырынча сынамык долбоор болуп саналат, андыктан каттамга ISUZU маркасындагы эки автобус гана чыгат. Долбоор ноябрь, декабрь айлары иштейт. Саамалыкты жеке мектептер менен кызматташып жүргөн компания сунуштаган.
"Алгач долбоордун өзүн актаар-актабасы каралат, чечим андан кийин кабыл алынмакчы. Каттамдын багытын белгилеп, кийинки жумадан тарта автобустарды жүргүзө баштайбыз. Эгер долбоор пайдалуу боло турган болсо жаңыларын сатып алабыз", — деди Нусувалиев.
Жол кире мектеп директорлору жана ата-энелер комитети менен биргеликте чечилет. Биринчи этапта 5-7 мектепти тейлөө каралууда.
Буга чейин аталган долбоордун менеджери Аязбек Мадалов "Кабар" агенттигине мектеп автобустары № 13,29, 69 жана 70 гимназиялардын окуучуларын ташый турганын билдирген.
Автобустар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2022
Пресс-борбор
Бишкектиктерди тейлөө үчүн калаага кеминде 1 500дөй автобус керектиги айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0