Прозачылар үчүн Мукай Элебаев атындагы республикалык адабий сыйлык уюштурулду

© Фото / из личного архива Асель ДанияровойБелгилүү жазуучу Мукай Элебаев (акыркы оңдо). Архивдик сүрөт
Белгилүү жазуучу Мукай Элебаев (акыркы оңдо). Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2022
Жазылуу
Аталган сыйлыкка чыгармаларды көрсөтүү, кабыл алуунун мөөнөтү, шарттары Жазуучулар союзу тарабынан белгиленген соң ЖМК, соцтармактарга жарыялана турганы кошумчаланды.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Улуттук жазуучулар союзунда Мукай Элебаев атындагы республикалык адабий сыйлык уюштурулду. Бул тууралуу бирикме сайты аркылуу кабарлады.
Маалым болгондой, сыйлык прозаиктерди колдоо максатында уюштурулуп жатат.
"Адабий сыйлык тарбиялык таасири бар мыкты прозалык чыгарма жазгандарга берилет. Ага чыгармачыл союздар, маданият бирикмелери, коомдук уюмдар талапкерлерди көрсөтө алат. Адабий сыйлыкка көрсөтүүгө акыркы эки жылдын ичинде китеп болуп жарык көргөн прозалык чыгармалар сунушталат. Сыйлык алган жазуучуга Мукай Элебаев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты наамы жана күбөлүк, Мукай Элебаевдин элеси түшүрүлгөн төш белги тапшырылат. Ал эки жылда бир жолу ыйгарылат", — деп жазылат жободо.
Аталган сыйлыкка чыгармаларды көрсөтүү, кабыл алуунун мөөнөтү, шарттары Жазуучулар союзу тарабынан белгиленген соң ЖМК, соцтармактарга жарыялана турганы кошумчаланды.
Сыйлыктын шарт-талабы тууралуу союздун сайтынан кененирээк окуп-билсеңиздер болот.
Режиссёр Актан Арым Кубаттын Эсимде тасмасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2022
Кыргызстандык режиссёрдун тасмасы "Азия Оскарынын" Гран-присин жеңип алды
Жаңылыктар түрмөгү
0