Айдит Эркин Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси болуп дайындалды

© Фото / пресс-служба посольства КР в РФКыргызстандын Бельгиядагы элчиси Айдит Эркин. Архив
Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси Айдит Эркин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2022
Жазылуу
Элчилик кызмат июнь айынан бери бош болчу.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси болуп Айдит Эркин дайындалганын президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Айдит Эркин буга чейин Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде кеңешчи болуп иштеген.
Эскерте кетсек, элчилик кызмат июнь айынан бери бош болчу, анда Муктар Жумалиев иштен бошотулган. Ал жумушун Нидерланддар жана Люксембургда элчи, Европа биримдигинде, Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмунда жана НАТОдо Кыргызстандын туруктуу өкүлү кызматын айкалыштырып келген.
Кыргызстандын Франциядагы жана Бельгиядагы мурдагы элчиси Асеин Исаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2022
Асеин Исаев тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды
Жаңылыктар түрмөгү
0