Ашууларда көчкү жүрүшү мүмкүн. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

© Фото / пресс-служба МЧС КРТөө-Ашуусу. Архив
Төө-Ашуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2022
Жазылуу
Жолго чыкканда айдоочулар 500 метр аралыкты сакташы зарыл.
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда 8-ноябрдан 10-ноябрга чейинки күтүлүп жаткан аба ырайынан улам Ала-Белде, Төө-Ашууда жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Министрлик кар күрткү тоолуу райондорго да түшүүсү ыктымал экенин эскертти.
"Тоолуу аймактарга жамгыр жаап, кар түшүп жаткандыктан жолдор тайгалак болот. Андыктан сапарга чыкканда айдоочулар автоунаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сакташы зарыл. Ошондой эле автокөлүккө күрөк, дөңгөлөккө орой турган чынжыр, ысык суу, азык жана дары-дармек салып коюуну унутпашы керек", — деди министрликтен.
Кырсык катталган же жардамга муктаж болгон учурда 112 кызматына чалуу зарыл.
Дарак жалбырактарында кар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2022
Суук түшөбү? Кыргызстанда бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0