Бишкекте эндокринолог акысыз консультация берет. Убакыт-сааты

© Фото / Pexels / ThirdmanДарыгер. Иллюстративдик сүрөт
Дарыгер. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2022
Жазылуу
Иш-чара 9-11-ноябрь күндөрү жана 14-ноябрда болот.
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкекте Эндокринологиялык борбор ачык эшиктер күнүн өткөрөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чара 9-11-ноябрь күндөрү жана 14-ноябрда болот.
"Саат 9:00дөн 15:00гө чейин шаар тургундары жана коноктору эндокринологдон акысыз консультация алып, кандагы канттын деңгээлин текшерте алышат", — деп жазылат кабарда.
Эндокринологиялык борбор Бишкектин Панфилов көчөсү, 199 дарегинде жайгашкан.
Кандагы глюкозаны өлчөө үчүн глюкометр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2022
Өлкөдө диабетке чалдыккандардын саны жылына жети миңге чейин көбөйүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0