Балдар менен аялдардын азыктануусуна изилдөө жүргүзүлдү. Кооптонуучу жагдай бар

© AFP / GEOFFROY VAN DER HASSELTБала көтөрүп турган аял. Архив
Бала көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2022
Жазылуу
Изилдөө Кыргызстан боюнча жүргүзүлүп, ага үч миңден ашык үй-бүлө катышты. Анын жыйынтыгында, балдар менен аялдардын саламаттыгында кооптонууну жараткан жагдайлар бар экендиги белгилүү болду.
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги эл аралык уюмдар менен биргеликте өлкөдөгү балдардын, аялдардын азыктануусунун сапатына изилдөө жүргүздү. Министрлик анын жыйынтыгы менен тааныштырды.
Изилдөө Кыргызстан боюнча жүргүзүлүп, ага 3 миң 62 үй-бүлө катышты. Үй-бүлө мүчөлөрүнөн алынган кан Германия, Иордания жана Танзаниянын лабораторияларында текшерилген.
"Изилдөө 5-9 айлык наристелердин, 5-9 жаштагы балдардын, 10-19 жаштагы өспүрүм кыздардын жана төрөт курагындагы аялдардын, кош бойлуу келиндердин тамактануусундагы микроэлементтердин жетишсиздигин, дагы башка көйгөйлөрүн аныктоо үчүн иштелип чыккан.
Анын жыйынтыгына ылайык, балдарда, өспүрүм кыздарда жана аялдарда анемия көп кездешкендиги, темирдин жетишсиздиги, аялдарда фолий кислотасынын тартыштыгы аныкталды. Бул коомдук саламаттыкты сактоодогу олуттуу көйгөй бойдон калууда. Кош бойлуу аялдардын элүү пайызы аз кандуулуктан жабыркайт, бул энелердин, түйүлдүктүн жана ымыркайдын өлүмүнө алып келет. Алты айдан беш жашка чейинки балдардын 47 пайызында темирдин жетишсиздиги белгилүү болду. Мындай абал балдардын дене бой, интеллектуалдык жактан өсүүсүнө терс таасир берет. Кыз-келиндердин 86 пайызында фолий кислотасы жетишсиз. Болочок энелерде фолий кислотасы жетишсиз болсо түйүлдүктүн баш мээси менен жүлүнүнүн жетилүүсүндө кемчиликтер болот", — деди министрликтен.
Маалыматта өлкөдөгү аялдардын 44 пайызы ашыкча салмактан жабыркай тургандыгы, аларда D витамини жетишсиз экендиги белгиленген.
Ошондой эле министрлик изилдөөлөрүнө таянып кыз-келиндердин организминде йод жакшы көрсөткүчтө экенин кошумчалады.
"Калктын 98 пайызы йоддолгон туз колдонору белгилүү болду. Бирок ун жетиштүү деңгээлде байытылган эмес", — деди мекемеден.
Изилдөөнүн жалпы баасы 545 миң долларды түзгөн.
Кандагы глюкозаны өлчөө үчүн глюкометр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2022
Өлкөдө диабетке чалдыккандардын саны жылына жети миңге чейин көбөйүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0