Захарова: маалыматтык согуштун ыкмалары татаалдашып баратат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРоссия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2022
Жазылуу
ТИМ өкүлү жыл сайын интернетте тараган фейктердин саны өсүп бара жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Россия өзүнө маалыматтык-психологиялык ыкманы камтыган маалыматтык агрессияга дуушар болууда. Бул тууралуу Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарованын айтымына таянып Sputnik радиосу билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн Москвада "Россия сегодня" эл аралык медиаборборунда КМШ мамлекеттеринин "Өзгөрүп жаткан ааламдагы медианын өнүгүшү" деп аталган медиафоруму башталды.

"Бул эч кандай таасир эмес. Бул бир катар компоненттерден турган чыныгы агрессия. Бул жерде фейктерден тышкары туура эмес маалыматтар да тарап жатат. Биздин "душмандар" маалыматтык-психологиялык ыкманы колдонууга өтө баштады", — деген ал.

Захарованын айтымында, бүгүнкү күнү маалыматтык согуштун ыкмалары да татаалдашып, радикалдуу боло баштады. Ал жыл сайын интернетте тараган фейктердин саны өсүп бара жатканын да белгилеген.
"Бул — маалыматтык согуш жүргүзүүнүн инструменти. Бүгүнкү күнү жеке маалыматтарды колдонуу, опуза, коркутуулар колдонулууда. Эч кандай чек жок. Мунун жыйынтыгында адам көнгөн чөйрөдөн тыш калат", — деген ал.
"Россия сегодня" медиатобу Санариптик өнүктүрүү, байланыш жана массалык коммуникациялар министрлигинин колдоосу менен аталган медиафорумдун уюштуруучусу болуп саналат.
Союздук өлкөлөрдүн мамлекеттик катчысы Дмитрий Мезенцев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2022
Мезенцев постсоветтик өлкөлөрдөгү элди бириктирген жөрөлгөлөрдү унутпоого чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0