Руслан Бекназаров үй камагына чыгарылды

© Фото / пресс-служба партии "Азаттык"Руслан Бекназаров. Архив
Руслан Бекназаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2022
Жазылуу
Бекназаров экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча кармалып, декабрга чейин камалган.
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май районундук сотунун маалымат кызматы билдирди.
"Биринчи май райондук сотунун 2022-жылдын 2-ноябрындагы токтомуна ылайык, Руслан Бекназаровдун 12-декабрга чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлдү", — деп жазылат кабарда.
Сентябрда коомдук ишмер, мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун уулу, Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча кармалып, декабрга чейин камалган.
Кишенделген жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2022
Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбековдор эки айга камалды. Дагы кимдер бар?
Жаңылыктар түрмөгү
0