"Кыргызфильмдин" эки тасмасы Түркиядагы эл аралык сынакка катышат

© Фото / Пресс-служба Департамента кинематографии"Үй сатылат" кинокартинасын постери
Үй сатылат кинокартинасын постери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2022
Жазылуу
"Курманжан датка" тасмасы кинофестивалдын ачылышында көрсөтүлөт.
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Улуттук "Кыргызфильм" киностудиясынан эки тасма Түркиядагы Kurmaca Film Festival сынагына тандалып алынды. Бул тууралуу киностудиянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, эл аралык сынакта ат салышчу эки фильмдин бири — Таалайбек Кулмендеевдин "Үй сатылат" кинокартинасы. Ал эми экинчиси — "Кыргыздын кыраан кыздары" тасмасын Асел Жураева тарткан.
Мындан тышкары, режиссер Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка" тасмасы Түркияда өтчү II эл аралык Korkut Ata Turkish World Film кинофестивалынын ачылышында көрсөтүлөт. Иш-чара 1-ноябрдан 5-ноябрга чейин Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Эрсойдун колдоосу менен Бурса шаарында өтөрү айтылды.
Акыркы көч тасмасынан кадр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2022
"Акыркы көч" эл аралык кинофестивалда калыстар тобунун атайын сыйлыгына татыды
Жаңылыктар түрмөгү
0