NASA Күндүн "жылмайган" сүрөтүн жарыялады. Окумуштуулар кооптуулугу тууралуу

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүКүн. Архивдик сүрөт
Күн. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2022
Жазылуу
Адистер күндүн бул сүрөтүндө көрүнгөн кара тактар тууралуу айтып беришти.
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. АКШнын Аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук башкармалыгы (NASA) Күндүн "жылмайып" турган сүрөтүн жарыялады.
Көрүнгөн кара тактар короналдык тешиктер деп аталат. Алардан күн шамалдары ыкчамдык менен космоско көтөрүлөт.
Адистер мындай шамалдын чоң агымы күчтүү геомагниттик бороонду жаратат деп белгилешүүдө. Бул орбиталык спутниктердин, радио жана GPS түйүндөрүнүн иштөөсүн үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн.
Жаңы зеландиялык Ларина Рэянын Годафосс агымы сүрөтү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Мындайды кинодо да көрбөйсүң. Космостун укмуштуудай сүрөттөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0