Тоонун чокусунда аюу менен альпинисттин тиреши. Сейрек видео

Жазылуу
Япониялык альпинистке тоонун башында, урчук таштардын арасынан капыл-тапылынан аюу кол салган.
Видео социалдык тармакка тездик менен тарап, бул кырдаалды талкуулагандар көп болууда.
The New York Post басылмасы Футаго тоосунун чокусунда аюу ага капысынан кол салып, аз жерден чайнап коё жаздаганын жазды. Жүрөк үшүн алган бул ирмемдер спортчунун башына тагылган видеокамерага түшүп калган. Аюу ага бир нече чабуул койгон. Видеодон жырткычка жылаңач колу менен айбат көрсөтүп, ачуу үн менен кыйкырып, аны коркутууга жан далбас кылганын көрүүгө болот.
Маалыматта, көрсө, аюу бекеринен агрессия көрсөтпөгөндүгүн, ал адамзаттан мамалагын коргогону жазылган.
Тема боюнча:
Кыргызстандын жапайы жаныбарлары франциялык фотографтын көзү менен. Сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0