Менчикке чыгарабыз деп пара алган. Бакиевдин мүлкү боюнча бир нече сотко иш козголду

© Фото / пресс-служба ГКНБУКМКнын имараты. Архив
УКМКнын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2022
Жазылуу
Кеп Ысык-Көл районундагы "Аврора плюс" пансионатынын аймагындагы коттедждер жана батирлер жөнүндө болууда.
БИШКЕК, 13-окт.— Sputnik. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарына таандык болуп, кийин улутташтырылган мүлктү мыйзамсыз алып коюу жана легалдаштыруу боюнча пара алгандар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Кеп Ысык-Көл районундагы "Аврора плюс" пансионатынын аймагындагы коттедждер жана батирлер жөнүндө болууда.
УКМК билдиргендей, 2010-жылдын 25-майында Убактылуу өкмөттүн №43 декрети менен 10 гектар жер тилкеси улутташтырылып, Ысык-Көлдүн Булан-Сөгөттү айылындагы "Ысык-Көл — Аврора" санаторийинин аймагында жайгашкан, Бакиевдин жакындарына таандык болгон 97 кыймылсыз мүлк объекти мамлекеттин карамагына өткөн. Бирок кийин жеке кишилердин колуна берилип кеткенин айтышты.
"Бул объектилерди үч инстанциядагы соттор адилетсиз чечими менен мамлекеттин менчигинен чыгарышкан. Судьялар "Аврора плюс" ишканасынан кымбат коттедждерди жана батирлерди кызыкдар тараптарга чыгарып берүү үчүн алардан ири өлчөмдө пара алышканы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Бул ишке Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү жана Жогорку Кеңешинин депутаттары да шектелүүдө.
"Алдын ала эсептөөлөр боюнча, мамлекеттин кызыкчылыгына 500 миллион сомдон ашык зыян келтирилген", — деп жазылат кабарда.
Чогултулган материалдардын негизинде Башкы прокуратура Жогорку соттун мурдагы төрагасы Д.Ф.З., Жогорку соттун төрагасынын мурдагы орун басары С.Э.Э., Жогорку соттун азыркы судьялары А.Н.М., О.К.Т. жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун экс-төрагасы К.К.Жга карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмү ("Коррупция") боюнча иш козгогон, учурда тергөө иштери жүрүүдө. Ошондой эле Бакиевдин жакындарына таандык делип, кийин улутташтырылган мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу чаралары көрүлүп жатканы кошумчаланды.
Кызматынан четтетилген энергетика министри Доскул Бекмурзаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2022
Башкы прокуратура: Бекмурзаев декларацияга айрым мүлктөрүн атайын көрсөткөн эмес
Жаңылыктар түрмөгү
0