https://sputnik.kg/20221011/dostuk-kapchygay-ayyldaryna-uylor-kurulat-1068857529.html
Достук, Капчыгай айылдарына үйлөр өзгөчө план менен курулат. Жапаровдун жарлыгы
Достук, Капчыгай айылдарына үйлөр өзгөчө план менен курулат. Жапаровдун жарлыгы
Sputnik Кыргызстан
Тийиштүү мамлекеттик органдар деталдуу пландоо долбоорлорун иштеп чыгышы шарт. 11.10.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-10-11T15:03+0600
2022-10-11T15:03+0600
2022-10-11T15:06+0600
чек арадагы жаңжал. кыргызстан менен тажикстандын тиреши
кыргызстан
баткен облусу
турак-жай
садыр жапаров
жарлык
курулуш
https://sputnik.kg/img/07e6/09/17/1068199624_0:24:3556:2024_1920x0_80_0_0_dd3dbde70d54e5a3c503e86cde853031.jpg
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров тажик тарап кол салган Баткен районунун Капчыгай жана Достук айылдарын толук калыбына келтирүү боюнча жарлык чыгарды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.Ага ылайык, аталган конуштарда жайгашкан жеке турак үйлөрдүн учурдагы абалына карабастан баарын бузуп, жаңысын куруп берүү тапшырмасы берилди.Анын алкагында тийиштүү мамлекеттик органдар Капчыгай жана Достукту деталдуу пландоо долбоорлору менен биргелешкен башкы пландарды иштеп чыгышы шарт.Аны менен катар Финансы министрлигине тиешелүү жумуштарды аткарууга, өз убагында каражат бөлүшүнө буйрук берген.Белгилей кетсек, 14-17-сентябрь күндөрү тажик тараптын кол салуусунан 62 кыргызстандык набыт болду, арасында жай тургундар, жаш балдар бар. 50 аскер кызматкери курман болду. 169 киши ар кандай жаракат алган. Баткенде 1 158 объект талкаланган, анын 639у — турак үй.
https://sputnik.kg/20221010/uluttuk-bank-batken-kreditin-kechuu-sunush-1068818511.html
баткен облусу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/09/17/1068199624_414:0:3143:2047_1920x0_80_0_0_7e58887862aba141923d9823e65a8cca.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, баткен облусу, турак-жай, садыр жапаров, жарлык, курулуш
кыргызстан, баткен облусу, турак-жай, садыр жапаров, жарлык, курулуш
Достук, Капчыгай айылдарына үйлөр өзгөчө план менен курулат. Жапаровдун жарлыгы
15:03 11.10.2022 (Жаңыртылды: 15:06 11.10.2022) Тийиштүү мамлекеттик органдар деталдуу пландоо долбоорлорун иштеп чыгышы шарт.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров тажик тарап кол салган Баткен районунун Капчыгай жана Достук айылдарын толук калыбына келтирүү боюнча жарлык чыгарды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, аталган конуштарда жайгашкан жеке турак үйлөрдүн учурдагы абалына карабастан баарын бузуп, жаңысын куруп берүү тапшырмасы берилди.
Анын алкагында тийиштүү мамлекеттик органдар Капчыгай жана Достукту деталдуу пландоо долбоорлору менен биргелешкен башкы пландарды иштеп чыгышы шарт.
"Тез арада калыбына келтирүүнү талап кылган форс-мажордук кырдаалдардын кесепеттерин локалдаштыруу шартында курулуш иштерин жүргүзсүн жана өз убагында аяктоону камсыз кылсын. Баткен облусунда жаңы тургузулган жеке менчик үйлөрдүн укуктук ырастоочу документтери бир убакта курулуш иштерин аяктоо менен акысыз берилсин", — деп жазылган жарлыкта.
Аны менен катар Финансы министрлигине тиешелүү жумуштарды аткарууга, өз убагында каражат бөлүшүнө буйрук берген.
Белгилей кетсек, 14-17-сентябрь күндөрү тажик тараптын кол салуусунан 62 кыргызстандык набыт болду, арасында жай тургундар, жаш балдар бар. 50 аскер кызматкери курман болду. 169 киши ар кандай жаракат алган. Баткенде 1 158 объект талкаланган, анын 639у — турак үй.
10 Тогуздун айы 2022, 10:48